ЗЕМАРХ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕМА́РХ</b> К и л и к и я л ы к – Византия импе­ратору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–69). Адегенде <i>Маниах</i> башында турган түрк каганынын элчилери 568- | <b type='title'>ЗЕМА́РХ</b> К и л и к и я л ы к – Византия импе­ратору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–69). Адегенде <i>Маниах</i> башында турган түрк каганынын элчилери 568-жылы Визан­тияга келген (мүмкүн ичинде Тянь-Шанда ту­рушкан согдиялыктар болушкан деген пикир бар). Түрктөр кайтканда алар м-н кошо Земарх ба­шында турган элчилер Кавказды, Каспий деңи­зин айланып өтүп, Сыр-Дарыяда турган <i>Исте­ми кагандын (Менандр</i> боюнча Дизавул) кабыл алуусунда болушкан. Элчилердин максаты түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алар­дын максаты орундалып, Земархтан кийин түрк каганына келишкен перс элчилерин Истеми ка­был алган эмес ж-а өзү перстерге каршы жор­туулга чыкканда Земарх кошо барган. Ушул жү­рүшкө байланыштуу «Талас өлкөсү (hora)» ж-дө кабар бар. Ал Таласты эскерген эң алгач­кы маалыматтардын бири болушу мүмкүн. Ка­ган Земархка ырайымдуулук көргөзүп; «колго түшкөн күң тартуулаган: ал кыз херхирлерге» (кыр­гыздар) караган. Өз милдетин толук аткарган Земарх кайтып келгенден кийин көргөн-билгенде­ри тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген. | ||
| 8 сап: | 9 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Т. Жуманалиев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
09:12, 7 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ЗЕМА́РХ К и л и к и я л ы к – Византия императору Юстин IIнин түрк каганына жиберген элчиси (568–69). Адегенде Маниах башында турган түрк каганынын элчилери 568-жылы Византияга келген (мүмкүн ичинде Тянь-Шанда турушкан согдиялыктар болушкан деген пикир бар). Түрктөр кайтканда алар м-н кошо Земарх башында турган элчилер Кавказды, Каспий деңизин айланып өтүп, Сыр-Дарыяда турган Истеми кагандын (Менандр боюнча Дизавул) кабыл алуусунда болушкан. Элчилердин максаты түрктөрдү перстерге каршы үгүттөө болгон. Алардын максаты орундалып, Земархтан кийин түрк каганына келишкен перс элчилерин Истеми кабыл алган эмес ж-а өзү перстерге каршы жортуулга чыкканда Земарх кошо барган. Ушул жүрүшкө байланыштуу «Талас өлкөсү (hora)» ж-дө кабар бар. Ал Таласты эскерген эң алгачкы маалыматтардын бири болушу мүмкүн. Каган Земархка ырайымдуулук көргөзүп; «колго түшкөн күң тартуулаган: ал кыз херхирлерге» (кыргыздар) караган. Өз милдетин толук аткарган Земарх кайтып келгенден кийин көргөн-билгендери тууралуу императоруна кенен эсеп-кысап берген.
Ад.: Византийские историки Дексипп, Эвнапий, Олимпиодор, Малх, Пётр Патрикий, Менандр, Кандид, Ноннос и Феофан Византиец /Пер. с греч. СПб., 1860; Пигулевска Н. Византия на путях в Индию. М.; Л., 1951; Источниковедение Кыргызстана. Б., 1996; 2-ое доп. изд. 2004.
Т. Жуманалиев.