ЗЕЕБЕК ЭФФЕКТИСИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ</b> – удаалаш туташтырыл­ган, тийишкен жеринде | <b type='title'>ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ</b> – удаалаш туташтырыл­ган, тийишкен жеринде температуралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк электр чын­жырында электр кыймылдаткыч күчүнүн пай­да болушу. 1821-жылы немис окумуштуусу Т. И. Зее­бек ачкан. Өткөргүчтөрдүн тийишкен жерлери ар кандай температурада болгондо, алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка бол­гондуктан, <i>электр тогу</i> пайда болот. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулук булагы, башкача айтканда эки тиймек (тийишүүчү аянт) пайдаланылат. Зеебек эффектисине ыла­йык термоэлемент же термопараны колдонуп, температураны өлчөөгө болот. Термопара термометр­ге караганда өтө сезгич болгондуктан, температура чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. Зеебек эффектиси электр тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүч­төн жасалган термоэлектр генератору Күн энер­гиясын түздөн-түз электр энергиясына айлан­дырат. | ||
үчүн эки жылуулук булагы, | |||
чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. | |||
тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүч­төн жасалган термоэлектр генератору Күн энер­гиясын түздөн-түз электр энергиясына айлан­дырат. | |||
[[Категория:3-том, 449-543 бб]] | [[Категория:3-том, 449-543 бб]] | ||
07:42, 7 Август (Баш оона) 2025 -деги абалы
ЗЕ́ЕБЕК ЭФФЕКТИСИ – удаалаш туташтырылган, тийишкен жеринде температуралары ар башка, эки түрдүү өткөргүчтөн турган туюк электр чынжырында электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. 1821-жылы немис окумуштуусу Т. И. Зеебек ачкан. Өткөргүчтөрдүн тийишкен жерлери ар кандай температурада болгондо, алардын ички потенциалдарынын айырмасы да ар башка болгондуктан, электр тогу пайда болот. Бул учурда ички энергия электр энергиясына айланат, ал үчүн эки жылуулук булагы, башкача айтканда эки тиймек (тийишүүчү аянт) пайдаланылат. Зеебек эффектисине ылайык термоэлемент же термопараны колдонуп, температураны өлчөөгө болот. Термопара термометрге караганда өтө сезгич болгондуктан, температура чоң интервалда алыстан эле өлчөнөт. Зеебек эффектиси электр тогун алууда да колдонулат. Жарым өткөргүчтөн жасалган термоэлектр генератору Күн энергиясын түздөн-түз электр энергиясына айландырат.