ЖААҢГЕР КОЖО: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЖААҢГЕР КОЖО,''' [(Жахангир (1783–1827-жылдан кийин)] – [[Чыгыш Түркстан]] аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтөрүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, [[Аппак кожо]]нун урпагы, Бурханеддиндин небереси, «[[Ышкиййа тарикаты]]» («Актоолуктар») [[сопучулук]] агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Аппак кожо менен Бурханеддин да Цин зомбулугуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш калкалоо үчүн [[Бадахшан]]га качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип (1759), Цин императоруна тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты [[Фергана өрөөнү]]нө качырышкан. Жааңгер кожонун баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы (1820) «[[Суранчы бийдин козголоңу]]» деп аталат. Жааңгер кожо [[Нарын өрөөнү]]нө келгенде, аны [[саяк уруусу]]нун бийлери Жанкарач, Байбагыш, Мөндөлөк (Мендылак), Тайлак; моңолдор уруусунан Маматкул ж. б. колдоп чыгышкан. Үстүңкү-Артыштан козголгонун [[Суранчы бий]] булар ага кошулушкан. Бирок көп өтпөй жеңилип калышкан. Суранчы уюштурган козголоңдогу кемчиилктерди эске алып, Жааңгер кожо 1821-ж. [[Кашкар]]га 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, бул жолу да андан майнап чыгара албай, кайра Кокон хандыгына кайткан. [[Омор хан]] (1810–1822) тарабынан үй камагына алынган, бирок бийликке [[Мадали хан]] (1822–1842) келгенде, 1823-жылдын аяк ченинде [[Анжиян]]дын акими Иса датканын коштоосунда [[Алай]]га качкан. Ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1823–24-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Тумшук, Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Ушул жерден жардам сурап, [[Кызыл-Суу]]дагы кыргыздарга кабарчы жөнөткөн. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыккан. Жааңгер, Иса датка жана жанындагы жалгыз жигити менен көрүстөнгө жашынып, аман калышкан. Негизги таянычы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга аракет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү менен кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-ж. элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйругун жарыялаган. Ошол эле жылы Жааңгер кожо Тайлактын айлында жашынып жүргөнү тууралуу жашыруун кабар Цин өкмөтүнө жеткен. Күз айларында кожону колго түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер [[Ак-Талаа]]дагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, [[Нарын дарыясы]]нын жээгиндеги Тайлак менен Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (кара: [[Атантай Рыскул уулу]]'','' [[Тайлак баатыр]]). Ушул жеңиштен кийин Жааңгер кожо Цин бийлигине каршы Кокон, Оро-Төбөнүн акими, Кундуздун эмири, тажик, өзбек, казак, кыргыз урууларынан жардам сурап, чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Жааңгер кожонун колу Ак-Бейитти ашып, Кашкар багытына түшкөн. Алгачкы салгылаш Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Бирок Гүлбак деген чепти ала албай коюшкан. Кызыл-Суудан он эки миң кол жардамга келиши менен Жааңгер кожонун колу үстөмдүк кылып калган. Кыргыздардан куралган кошуун Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тайлактын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Натыйжада Жааңгер кожону Кашкар дубанынын калкынын көбү колдоп кеткен. Шаан-шөкөт менен баш калаага киргенде «сеид (ыйык) Жааңгер султан» атанган. Көп узабай Жаркен, Котон, Янгигиссардын калкы козголуп, ал шаарлардагы Цин аскерлери, сепилдер талкаланган. Жааңгер кожонун көтөрүлүшү дээрлик 1828-жылга чейин Чыгыш Түркстандын кеңири аймагын камтып, Ч. Валихановдун эскерүүсү боюнча бул көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, кыргыздар чоң роль ойногон. Бирок, Жааңгер кожо Кашкарды ээлегени менен түзүлгөн оңтойлуу кырдаалдан пайдаланып, бийлигин бекемдөөгө аракет кылган эмес. Курал-жарак, ок-дарысы жетишсиз, аскер даярдыгы начар болгондуктан, өлкөнүн ич жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. Цин аскерине туруштук бере албастыгына көзү жеткен Жааңгер 1826-жылы кышында азыраак жигиттери менен кайрадан Алай тарапка качкан. Жергиликтүү калк чачкын-чачкын түрдө күрөшүн уланта берген. 1827-ж. эрте жазда Жунтан кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркен, Хотанга чабуул коюп, Кашкардын жанындагы кармашта аны коргоочулар жеңилип, калааны калтырып кетүүгө аргасыз болушкан. Кожонун жакын жардамчыларынын ич ара талаш-тартышы да бул кыймылга терс таасир тийгизген. Цин бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги Исак-ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал менен Жааңгер кожону Арчалы, Тоюн деген жерден кармап берген. Айрым маалыматтарда анын Жааңгер кожо экенин жанындагы жигити, чоң багыштын мачак уруусунан Маматбек деген көрсөтүп берген. Ал үчүн Котон шаарына бек болуп дайындалган. Жааңгерди темир торго салып, өтө коркунучтуу козголоңчу катары Пекинге жеткиришкен. Аны императордун өзү суракка ала турганы билингенде, кетирген кемчиликтери ачылып каларынан чочуган цин өкмөтүнүн адамдары аны уу кошулган суу берип өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Чыгыш Түркстандагы элдик-боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор болуп саналат. Цин үстөмдүгүнө каршы күрөштөр кийинки жылдары да уланып, алардын бардыгына кыргыздар активдүү катышкан. | |||
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч., в 5 т. А., 1985, Т. 2; ; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибирск, 1990; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010. | |||
[[Категория:3-том, 215-326 бб]] | |||
05:06, 5 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ЖААҢГЕР КОЖО, [(Жахангир (1783–1827-жылдан кийин)] – Чыгыш Түркстан аймагында Цин-манжур үстөмдүгүнө каршы чыккан көтөрүлүштүн башчысы. Сарымсак кожонун уулу, Аппак кожонун урпагы, Бурханеддиндин небереси, «Ышкиййа тарикаты» («Актоолуктар») сопучулук агымынын өкүлү. Өз мезгилинде Аппак кожо менен Бурханеддин да Цин зомбулугуна каршы боштондук күрөш уюштурушкан. Бурханеддин Цин аскеринен жеңилип, баш калкалоо үчүн Бадахшанга качканда, ал жердин акими Султан шах анын башын кесип (1759), Цин императоруна тартуу кылган. Ага жан тарткандар уулу Сарымсакты Фергана өрөөнүнө качырышкан. Жааңгер кожонун баштаган боштондук кыймылдын алгачкы этабы (1820) «Суранчы бийдин козголоңу» деп аталат. Жааңгер кожо Нарын өрөөнүнө келгенде, аны саяк уруусунун бийлери Жанкарач, Байбагыш, Мөндөлөк (Мендылак), Тайлак; моңолдор уруусунан Маматкул ж. б. колдоп чыгышкан. Үстүңкү-Артыштан козголгонун Суранчы бий булар ага кошулушкан. Бирок көп өтпөй жеңилип калышкан. Суранчы уюштурган козголоңдогу кемчиилктерди эске алып, Жааңгер кожо 1821-ж. Кашкарга 2-ирет жортуул жасаган. Бирок, бул жолу да андан майнап чыгара албай, кайра Кокон хандыгына кайткан. Омор хан (1810–1822) тарабынан үй камагына алынган, бирок бийликке Мадали хан (1822–1842) келгенде, 1823-жылдын аяк ченинде Анжияндын акими Иса датканын коштоосунда Алайга качкан. Ал жердеги кыргыздар жардам берип, 1823–24-жылдын кыш мезгилинде Кашкарга жакын Тумшук, Улутагдагы (Улуу-Тоо) кытайлык кароолго кайрадан чабуул койгон. Ушул жерден жардам сурап, Кызыл-Суудагы кыргыздарга кабарчы жөнөткөн. Айыгышкан кармашта эки тарап тең көп жоготууларга учурап, Турдумамбеттин жардамчысы жамантейит уруусунун бийи Шергазы (Сергаджы) баатырларча курман болгон. Сан жагынан кыйла артыкчылык кылган кытай аскери Жааңгер кожонун колун Кашкар аймагынан сүрүп чыккан. Жааңгер, Иса датка жана жанындагы жалгыз жигити менен көрүстөнгө жашынып, аман калышкан. Негизги таянычы болгон кыргыз бийлеринен ажыратууга аракет кылган богдыхан Жааңгер кожону жан-жөкөрлөрү менен кармап берүүсүн өтүнүп, аларга 1825-ж. элчи жөнөткөн. Жааңгер кожонун кыймылына катышууга үлгүрө элек бир нече бийге наам, кымбат баалуу сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө атайын буйругун жарыялаган. Ошол эле жылы Жааңгер кожо Тайлактын айлында жашынып жүргөнү тууралуу жашыруун кабар Цин өкмөтүнө жеткен. Күз айларында кожону колго түшүрүү үчүн Баянбату баш болгон 500 жоокер Ак-Талаадагы Тайлактын айылына жөнөтүлгөн. Анын кошууну түнкүсүн гана жол жүрүп келип, Нарын дарыясынын жээгиндеги Тайлак менен Атантайдын айылдарына капыстан кол салышкан. Бул айкашта кытай аскери түгөл кырылып, жалгыз жоокери гана кутулган (кара: Атантай Рыскул уулу, Тайлак баатыр). Ушул жеңиштен кийин Жааңгер кожо Цин бийлигине каршы Кокон, Оро-Төбөнүн акими, Кундуздун эмири, тажик, өзбек, казак, кыргыз урууларынан жардам сурап, чечүүчү кармашка даярдык көргөн. 1826-ж. май айында Жааңгер кожонун колу Ак-Бейитти ашып, Кашкар багытына түшкөн. Алгачкы салгылаш Аппак кожо мазарына жакын жерде болгон. Бирок Гүлбак деген чепти ала албай коюшкан. Кызыл-Суудан он эки миң кол жардамга келиши менен Жааңгер кожонун колу үстөмдүк кылып калган. Кыргыздардан куралган кошуун Үч-Турпанга барчу жолду ээлеп, Атантай, Тайлактын жигиттери Барчындагы кытай кароолун кыйраткан. Натыйжада Жааңгер кожону Кашкар дубанынын калкынын көбү колдоп кеткен. Шаан-шөкөт менен баш калаага киргенде «сеид (ыйык) Жааңгер султан» атанган. Көп узабай Жаркен, Котон, Янгигиссардын калкы козголуп, ал шаарлардагы Цин аскерлери, сепилдер талкаланган. Жааңгер кожонун көтөрүлүшү дээрлик 1828-жылга чейин Чыгыш Түркстандын кеңири аймагын камтып, Ч. Валихановдун эскерүүсү боюнча бул көтөрүлүшкө 200 миңге жакын адам катышып, кыргыздар чоң роль ойногон. Бирок, Жааңгер кожо Кашкарды ээлегени менен түзүлгөн оңтойлуу кырдаалдан пайдаланып, бийлигин бекемдөөгө аракет кылган эмес. Курал-жарак, ок-дарысы жетишсиз, аскер даярдыгы начар болгондуктан, өлкөнүн ич жагынан келген ири аскер күчтөрүнө туруштук берүү кыйын болгон. Цин аскерине туруштук бере албастыгына көзү жеткен Жааңгер 1826-жылы кышында азыраак жигиттери менен кайрадан Алай тарапка качкан. Жергиликтүү калк чачкын-чачкын түрдө күрөшүн уланта берген. 1827-ж. эрте жазда Жунтан кол башчылык кылган 70 миң аскер Кашкар, Жаркен, Хотанга чабуул коюп, Кашкардын жанындагы кармашта аны коргоочулар жеңилип, калааны калтырып кетүүгө аргасыз болушкан. Кожонун жакын жардамчыларынын ич ара талаш-тартышы да бул кыймылга терс таасир тийгизген. Цин бийлиги дайындаган Кашкардын жаңы хакимбеги Исак-ван чет жерлик төрөлөргө берилгендигин далилдеш үчүн айла-амал менен Жааңгер кожону Арчалы, Тоюн деген жерден кармап берген. Айрым маалыматтарда анын Жааңгер кожо экенин жанындагы жигити, чоң багыштын мачак уруусунан Маматбек деген көрсөтүп берген. Ал үчүн Котон шаарына бек болуп дайындалган. Жааңгерди темир торго салып, өтө коркунучтуу козголоңчу катары Пекинге жеткиришкен. Аны императордун өзү суракка ала турганы билингенде, кетирген кемчиликтери ачылып каларынан чочуган цин өкмөтүнүн адамдары аны уу кошулган суу берип өлтүрүшкөн. Жеңилип калганына карабастан, бул кыймылдын Чыгыш Түркстандагы элдик-боштондук күрөшүнүн тарыхында мааниси зор болуп саналат. Цин үстөмдүгүнө каршы күрөштөр кийинки жылдары да уланып, алардын бардыгына кыргыздар активдүү катышкан.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч., в 5 т. А., 1985, Т. 2; ; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибирск, 1990; Бабаджанов Б. М., Кокандское ханство: власть, политика, религия. Токио-Ташкент, 2010.