ЕКАТЕРИНБУРГ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ЕКАТЕРИНБУ́РГ''' ( | '''ЕКАТЕРИНБУ́РГ''' (1924–91-жылдарда С в е р д ­л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2024); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991), 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фаб­рика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилин­де алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина жана прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия жана химия өнөр жайы өнүк­көн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байы­туу, металлургия жана энергетика жабдуулары, домна меши жана башкалар), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү, лифт­тер үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жайы үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Урал­гидромаш», «Труба-мотор заводу» жана башка өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муз­даткыч жасоочу жана башка заводдору, кара метал­лургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор жана башкалар), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (космети­ка, тиричилик химиясы) иштейт. Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 жогорку окуу жайы (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия жана башкалар), китепканалар, музейлер бар. Шаар 1723-жылы металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм | ||
[[File:ЕКАТЕРИНБУРГ38.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] стилинде курулган Расторгуев-Харитонов | [[File:ЕКАТЕРИНБУРГ38.png | thumb | Шаардын жалпы көрүнүшү.]] стилинде курулган Расторгуев-Харитонов | ||
чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) | чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) жана башкалар сакталган. Екатеринбург – Уралдын ири финансы бор­бору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Рос­сиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-жылы В. А. Курочкин атындагы мюзикл жана опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-жылы Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өт­көрүлгөн. [[Категория:3-том, 172-214 бб]] | ||
08:36, 11 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ЕКАТЕРИНБУ́РГ (1924–91-жылдарда С в е р д л о в с к) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоӊку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,5 млн (2024); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991), 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фабрика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина жана прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия жана химия өнөр жайы өнүккөн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байытуу, металлургия жана энергетика жабдуулары, домна меши жана башкалар), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү, лифттер үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жайы үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Уралгидромаш», «Труба-мотор заводу» жана башка өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муздаткыч жасоочу жана башка заводдору, кара металлургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор жана башкалар), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (косметика, тиричилик химиясы) иштейт. Россия илимдер академиясынын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 жогорку окуу жайы (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия жана башкалар), китепканалар, музейлер бар. Шаар 1723-жылы металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм

стилинде курулган Расторгуев-Харитонов
чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-кылымдар), Александр Невский собору (19-кылым) жана башкалар сакталган. Екатеринбург – Уралдын ири финансы борбору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Россиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-жылы В. А. Курочкин атындагы мюзикл жана опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-жылы Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлгөн.