ДАЛЯНЬ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДАЛЯ́НЬ''' ( | '''ДАЛЯ́НЬ''' (орусча Д а л ь н и й, япончо Д а й р е н) – Түндүк-Чыгыш Кытайдагы шаар. Сары деӊиздин Даляньвань булуӊундагы ири порт (жылына 145 миллион тонна жүк ташылат). Ляонин провинция­сында. Калкы 7,4 млн (2020). Балык кармоочу база. Кеме жана машина куруу, химия, нефть ажы­ратуу, текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. 1898-жылы Циннива кыштагын Россия Кытайдан убактылуу ижарага алып, анын ордуна Дальний шаарын негиз­деген. 1904–05-жылдарда орус-япон согушунда Япония басып алган. Советтик армия 1945-жылы августта бо­шоткон. 1945-жылы совет-кытай келишими боюнча Кытай өкмөтү эркин порт атаган; порттун прис­таны жана кампалары Советтер Союзуна 30 жылга ижарага берилип, 1950-жылы КЭРге акы­сыз кайтарылган. Далян – илим жана билимдин ири борбору. Анда 300дөн ашык илим-изилдөө институту, 17 университет менен институт, музейлер, сүрөт галереясы, зоо­парк, куштар паркы (1991; куштардын 1000ден ашык түрү), аквапарк бар. Жыл сайын эл ара­лык ярмаркалар (пиво фестивалы, 1999; дүйнөдөгү эӊ ири, «Октоберфеста» Мюнхен фес­тивалынан кийинки) өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн. Далянга жакын көптөгөн кендердин (анын ичинде алмаз) запасы бар. [[Category: 3-том, 5-85 бб]] | ||
10:54, 30 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ДАЛЯ́НЬ (орусча Д а л ь н и й, япончо Д а й р е н) – Түндүк-Чыгыш Кытайдагы шаар. Сары деӊиздин Даляньвань булуӊундагы ири порт (жылына 145 миллион тонна жүк ташылат). Ляонин провинциясында. Калкы 7,4 млн (2020). Балык кармоочу база. Кеме жана машина куруу, химия, нефть ажыратуу, текстиль, тамак-аш өнөр жайы бар. 1898-жылы Циннива кыштагын Россия Кытайдан убактылуу ижарага алып, анын ордуна Дальний шаарын негиздеген. 1904–05-жылдарда орус-япон согушунда Япония басып алган. Советтик армия 1945-жылы августта бошоткон. 1945-жылы совет-кытай келишими боюнча Кытай өкмөтү эркин порт атаган; порттун пристаны жана кампалары Советтер Союзуна 30 жылга ижарага берилип, 1950-жылы КЭРге акысыз кайтарылган. Далян – илим жана билимдин ири борбору. Анда 300дөн ашык илим-изилдөө институту, 17 университет менен институт, музейлер, сүрөт галереясы, зоопарк, куштар паркы (1991; куштардын 1000ден ашык түрү), аквапарк бар. Жыл сайын эл аралык ярмаркалар (пиво фестивалы, 1999; дүйнөдөгү эӊ ири, «Октоберфеста» Мюнхен фестивалынан кийинки) өткөрүлүп турат. Туризм өнүккөн. Далянга жакын көптөгөн кендердин (анын ичинде алмаз) запасы бар.