БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР ''' | '''БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР '''– инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу; борбордук, түштүк жана чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары. Байыркы славяндар тарыхый даректерде, биздин замандын 1–2-кылымдарында «европалык Сарматия», Карпат менен Балтика деңизинин аралыгында, Чыгыш Германияда жашаган венеддер деген ат менен белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим жана визан­тиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан жана башкалардын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк оку­муштуулардын пикири боюнча Байыркы славяндар Висла дарыясынын чыгышынан орун алышкан. Биздин замандын 2–4-кылымдарында герман урууларынын (готтор, гепиддер) түш­түккө оошунан Байыркы славяндардын аймактык бүтүндүгү бу­зулуп, батыш жана чыгыш тарапка обочолонот. 5-кылымда ''хунндардын'' бийлиги кулагандан кийин, Байыркы славяндар түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташ­кан. Ошол учурда алар ант жана склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан ж. а-н басып алуу менен бирге эле Борбордук жана Чыгыш Европадагы мур­дагы жерлери да алардын карамагында калган. 1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балт жана финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди жана анын батышын, ошондой эле Эльбанын төмөн жагын жана Балтика деңизинин түштүк-батыш жээгин ээлеп алышкан жана Европадагы эң ири этностук топко айланган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аяк ченинде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу менен орто кылымдагы славян элдери (поляктар жана чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славян­дарда байыркы орус эли) калыптана баштаган. | ||
Ад.: ''Седов В. В.'' Славяне в древности. М., 1994; ''Третьяков П. Н.'' Финно-угры, балты и славяне на Днепре и Волге. М.; Л., 1961.<br> [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | Ад.: ''Седов В. В.'' Славяне в древности. М., 1994; ''Третьяков П. Н.'' Финно-угры, балты и славяне на Днепре и Волге. М.; Л., 1961.<br> [[Category: 2-том, 1-69 бб]] | ||
10:54, 17 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
БАЙЫРКЫ СЛАВЯНДАР – инди-европа тилинде сүйлөгөн уруулардын тобу; борбордук, түштүк жана чыгыш европалык азыркы славян элдеринин ата-бабалары. Байыркы славяндар тарыхый даректерде, биздин замандын 1–2-кылымдарында «европалык Сарматия», Карпат менен Балтика деңизинин аралыгында, Чыгыш Германияда жашаган венеддер деген ат менен белгилүү болгон. Алар тууралуу грек-рим жана византиялык тарыхчылар Тацит, Птолемей, Иордан жана башкалардын эмгектеринен кездешет. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Байыркы славяндар Висла дарыясынын чыгышынан орун алышкан. Биздин замандын 2–4-кылымдарында герман урууларынын (готтор, гепиддер) түштүккө оошунан Байыркы славяндардын аймактык бүтүндүгү бузулуп, батыш жана чыгыш тарапка обочолонот. 5-кылымда хунндардын бийлиги кулагандан кийин, Байыркы славяндар түштүккө оошуп, Византия империясынын Балкан провинцияларына басып кире башташкан. Ошол учурда алар ант жана склавин деген эки топко бөлүнөт. Балкан ж. а-н басып алуу менен бирге эле Борбордук жана Чыгыш Европадагы мурдагы жерлери да алардын карамагында калган. 1-миң жылдыктын 2-жарымында славяндар мурда чыгыш балт жана финн-угор урууларына тиешелүү болгон Жогорку Днепрди жана анын батышын, ошондой эле Эльбанын төмөн жагын жана Балтика деңизинин түштүк-батыш жээгин ээлеп алышкан жана Европадагы эң ири этностук топко айланган. Биздин замандын 1-миң жылдыгынын аяк ченинде байыркы славян мамлекеттеринин пайда болушу менен орто кылымдагы славян элдери (поляктар жана чехтер, кийинчерээк словактар, словендер, сербдер, болгарлар, чыгыш славяндарда байыркы орус эли) калыптана баштаган.
Ад.: Седов В. В. Славяне в древности. М., 1994; Третьяков П. Н. Финно-угры, балты и славяне на Днепре и Волге. М.; Л., 1961.