ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ ''' – жер бетиндеги аймактардын ''гидрогеологиялык картасын'' түзүү | '''ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ ''' – жер бетиндеги аймактардын ''гидрогеологиялык картасын'' түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр жана башкалардын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 жана андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт. | ||
<br />''К. А. Кожобаев.'' | <br />''К. А. Кожобаев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:14, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГИДРОГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ – жер бетиндеги аймактардын гидрогеологиялык картасын түзүү жана жалпы гидрогеологиялык шарттарын аныктоo үчүн талаада жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн жыйындысы. Гидрогеологиялык карта түзүүдө топографиялык же геологиялык карталарга булактар, кудуктар, бургулоо көзөнөктөрү, саздар, дарыя-суулар, көлмөлөр жана башкалардын карталары, кесиндилери түшүрүлүп, суунун дебити, курамы ж. б. аныкталып, баяндамасы толук жазылат. Керек учурда бургулоо жана геофизикалык иштер да жүргүзүлөт. Гидрогеологиялык карта түзүүнүн негизги максаты – суу топтоочу катмарлардын санын, таралышын, жайгашуу шарттарын жана жер астындагы, жер үстүндөгү суулардын химиялык курамын аныктоо. Карталар кичи масштабдагы (1:1 000 000 – 1:500 000), орто масштабдагы (1:200 000 – 1:100 000) жана ири масштабдагы (1:50 000 – 1:25 000 жана андан да чоӊ) болуп бөлүнөт. Азыркы учурда гидрогеологиялык карта түзүү комплекстүү түрдө (геологиялык-геоморфологиялык, инженердик-геологиялык ж. б.) жүргүзүлөт.
К. А. Кожобаев.