ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary

1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР ''' – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геологиялык түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Геологиялык карталар геологиялык съёмка жүргүзүүнүн ж-а геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Геологиялык карталарда түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) м-н тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар

'''ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР ''' – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геологиялык түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Геологиялык карталар геологиялык съёмка жүргүзүүнүн жана геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Геологиялык карталарда түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) менен тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар

[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР116.png | thumb | none]]
[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР116.png | thumb | none]]
''Дөбөнүн жалпы көрүнүшү (а) ж-а анын топографиялык картада чагылдырылышы (б); дөбөнүн жалпы көрүнүшү ж-а аны түзгөн кумдук, акиташ тектүү катмарлары (в); алардын геологиялык картага түшүрүлүшү (г).''

''Дөбөнүн жалпы көрүнүшү (а) жана анын топографиялык картада чагылдырылышы (б); дөбөнүн жалпы көрүнүшү жана аны түзгөн кумдук, акиташ тектүү катмарлары (в); алардын геологиялык картага түшүрүлүшү (г).''

[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР117.png | thumb | Бүктөлүү структурасын көрсөтүүчү геологиялык карта: 1 – эӊ кийин пайда болгон тоо тек кабаттары (синклиналдык борбору), 7 – эӊ байыркы тоо тек кабаттары (антиклиналдык борбору); АБ сызыгы б-ча берилген геологиялык кесилиши.]]
[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР117.png | thumb | Бүктөлүү структурасын көрсөтүүчү геологиялык карта: 1 – эӊ кийин пайда болгон тоо тек кабаттары (синклиналдык борбору), 7 – эӊ байыркы тоо тек кабаттары (антиклиналдык борбору); АБ сызыгы б-ча берилген геологиялык кесилиши.]]
ж. б. көрсөтүлөт. Геологиялык карталардын жанына ''геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка'', шарттуу белгилер ж-а алардын түшүндүрмөлөрү берилет. Геологиялык карталар мазмунуна карай накта Геологиялык карталар ж-а антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектоникалык, литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар,

ж. б. көрсөтүлөт. Геологиялык карталардын жанына ''геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка'', шарттуу белгилер жана алардын түшүндүрмөлөрү берилет. Геологиялык карталар мазмунуна карай накта геологиялык карталар жана антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектоникалык, литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар,

[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР118.png | thumb | Эӊкейиш жаткан тоо тек кабаттарынын ''(а)'' геологиялык картага түшүрүлүшү ''(б).'']]
[[File:ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР118.png | thumb | Эӊкейиш жаткан тоо тек кабаттарынын ''(а)'' геологиялык картага түшүрүлүшү ''(б).'']]
ошондой  эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу ж-а геохимиялык карталар деп, ал эми масштабы боюнча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100􀂀000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) ж-а дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Геологиялык карталар боюнча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми жөнүндө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геологиялык издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу м-н камсыз кылууга, инженердик геология ж-а мелиорация боюнча изилдөө ж-а курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк Геологиялык карталар жеринде ''геологиялык карта түзүү'' иштеринин натыйжасында ж-а атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) ж-а түшүндүрүү тексти м-н кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, ошондой эле тоо тек катмарларынын, кенташ тулкуларынын, тектоникалык  жаракалардын жайгашуу абалдары, калыӊдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геологиялык кесилиш берилет.
ошондой  эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу жана геохимиялык карталар деп, ал эми масштабы боюнча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100 000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) жана дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Геологиялык карталар боюнча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми жөнүндө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геологиялык издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу менен камсыз кылууга, инженердик геология жана мелиорация боюнча изилдөө жана курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк геологиялык карталар жеринде ''геологиялык карта түзүү'' иштеринин натыйжасында жана атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) жана түшүндүрүү тексти менен кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, ошондой эле тоо тек катмарларынын, кенташ тулкуларынын, тектоникалык  жаракалардын жайгашуу абалдары, калыӊдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геологиялык кесилиш берилет.

Ад.: ''Михайлов А. Е.'' Структурная геология и геологическое картирование. 4-е изд. М., 1984; Структурная геология. М., 1986; Создание Госгеолкарты – 200 с применением компьютерных технологий. М., 1999.

Ад.: ''Михайлов А. Е.'' Структурная геология и геологическое картирование. 4-е изд. М., 1984; Структурная геология. М., 1986; Создание Госгеолкарты – 200 с применением компьютерных технологий. М., 1999.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:53, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТАЛАР – жер бетиндеги белгилүү бир аймактын геологиялык түзүлүшү чагылдырылып, кагаз бетине түшүрүлүшү. Геологиялык карталар геологиялык съёмка жүргүзүүнүн жана геологиялык изилдөөлөрдүн натыйжасында түзүлөт. Геологиялык карталарда түрдүү шарттуу белгилер (түстүү боёк, сызыкча, тамга, сан ж. б.) менен тоо тектердин жайгашуусу, таралышы, түрлөрү, курамы, жашы, кен байлыктар

Дөбөнүн жалпы көрүнүшү (а) жана анын топографиялык картада чагылдырылышы (б); дөбөнүн жалпы көрүнүшү жана аны түзгөн кумдук, акиташ тектүү катмарлары (в); алардын геологиялык картага түшүрүлүшү (г).

Бүктөлүү структурасын көрсөтүүчү геологиялык карта: 1 – эӊ кийин пайда болгон тоо тек кабаттары (синклиналдык борбору), 7 – эӊ байыркы тоо тек кабаттары (антиклиналдык борбору); АБ сызыгы б-ча берилген геологиялык кесилиши.

ж. б. көрсөтүлөт. Геологиялык карталардын жанына геологиялык кесилиш, стратиграфиялык колонка, шарттуу белгилер жана алардын түшүндүрмөлөрү берилет. Геологиялык карталар мазмунуна карай накта геологиялык карталар жана антропогендик (төртүнчүлүк) чөкмөлөрдүн, тектоникалык, литология-фациялык, палеогеографиялык, гидрогеологиялык, инженердик-геологиялык карталар,

Эӊкейиш жаткан тоо тек кабаттарынын (а) геологиялык картага түшүрүлүшү (б).

ошондой эле кен байлыктарды, кендерди божомолдоочу жана геохимиялык карталар деп, ал эми масштабы боюнча кичине масштабдуу (1:1000 000, 1:500000), орто масштабдуу (1:100 000, 1:200 000), ири масштабдуу (1:50 000, 1:25 000) жана дыкат (1:10 000, 1:5000, 1:2000) карталар деп бөлүнөт. Геологиялык карталар боюнча жер кыртышынын түзүлүшү, өнүгүп-өөрчүшү, андагы кен байлыктардын таралуу закон ченеми жөнүндө маалыматтар алынат. Ал маалыматтар геологиялык издөө-чалгындоо жумуштарын долбоорлоого, калкты суу менен камсыз кылууга, инженердик геология жана мелиорация боюнча изилдөө жана курулуш иштерин жүргүзүүгө негиз болот. Көпчүлүк геологиялык карталар жеринде геологиялык карта түзүү иштеринин натыйжасында жана атайы жобонун (инструкциянын) негизинде жасалат. Картага адатта шарттуу белгилер (легенда) жана түшүндүрүү тексти менен кошо тоо тектердин пайда болушунун ыраатуулугу көрсөтүлгөн стратиграфиялык колонка, ошондой эле тоо тек катмарларынын, кенташ тулкуларынын, тектоникалык жаракалардын жайгашуу абалдары, калыӊдыгы, курамы ж. б. чагылдырылган геологиялык кесилиш берилет.

Ад.: Михайлов А. Е. Структурная геология и геологическое картирование. 4-е изд. М., 1984; Структурная геология. М., 1986; Создание Госгеолкарты – 200 с применением компьютерных технологий. М., 1999.