ВЕРТИКОВ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ВЕ́РТИКОВ ''' '''Алексей Георгиевич''' [ | '''ВЕ́РТИКОВ ''' '''Алексей Георгиевич''' [03. 03. 1922, РСФСР, Орлов губерниясы, Ливен уезди, Гниловод кыштагы (азыркы Россия Федерациясы, Липецк облусу, Измалков району, Гниловод айлы) – 01. 04.1980, Кыргыз ССРи, Москва району, Полтавка айылы (азыркы Чүй облусу Москва району, Беловодск айылы] – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашап, өзү булгаары заводунда иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, Алматы шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөндөн кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борбордук, Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 ''мм'' мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыштактары үчүн болгон салгылашууларда Вертиковдун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава шаарын бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт ж-а душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо м-н 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун ж-а душмандын 20дай солдаты м-н офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда Вертиковдун түз ок м-н атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени м-н сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган. <br/> | ||
[[File:ВЕРТИКОВ114.png | thumb | none]] | [[File:ВЕРТИКОВ114.png | thumb | none]] | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:47, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
ВЕ́РТИКОВ Алексей Георгиевич [03. 03. 1922, РСФСР, Орлов губерниясы, Ливен уезди, Гниловод кыштагы (азыркы Россия Федерациясы, Липецк облусу, Измалков району, Гниловод айлы) – 01. 04.1980, Кыргыз ССРи, Москва району, Полтавка айылы (азыркы Чүй облусу Москва району, Беловодск айылы] – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашап, өзү булгаары заводунда иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, Алматы шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөндөн кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борбордук, Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 мм мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыштактары үчүн болгон салгылашууларда Вертиковдун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. 1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава шаарын бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт ж-а душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо м-н 3-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун ж-а душмандын 20дай солдаты м-н офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени, 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда Вертиковдун түз ок м-н атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени м-н сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган.
