БРАТИСЛАВА: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРАТИСЛА́ВА ''' – Cловакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порт. Калкы | '''БРАТИСЛА́ВА ''' – Cловакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порт. Калкы 475 503 (2021). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химия жана нефть-химия өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш–татымал, текстиль, тигүү, полиграфия өнөр жайы, университет, Словакия илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археологиялык казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейин 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Б. Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Братислава Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-жылга чейин). 1919-жылдын 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-жылдары Словакия Социалисттик Республикасынын, 1990–92-жылдан Словакия Республикасынын борбору. Град сепили (9–18-кылымдар), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылымдар), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар<br/> | ||
[[File:БРАТИСЛАВА59.png | thumb | <center>Шаардын бир көрүнүшү.</center>]] | [[File:БРАТИСЛАВА59.png | thumb | <center>Шаардын бир көрүнүшү.</center>]] | ||
сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат. | сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
09:22, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
БРАТИСЛА́ВА – Cловакиянын борбор шаары. Дунай дарыясындагы порт. Калкы 475 503 (2021). Өлкөнүн ири экономикалык борбору; жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Химия жана нефть-химия өнөр жай борбору. Машина куруу, тамак-аш–татымал, текстиль, тигүү, полиграфия өнөр жайы, университет, Словакия илимдер академиясы, Словак улуттук галереясы иштейт. Азыркы Братиславанын аймагын байыркы кельт уруулары мекендешкендиги археологиялык казуулардан белгилүү. Биздин заманга чейин 5-кылымда Братиславага славян уруулары отурукташа баштайт. 10-кылымда Б. Пожонь деген ат менен Венгрия королдугунун курамына кирет. 13-кылымда Братиславаны немистер колониялап алып, Пресбург аталат. Түрктөр Буданы басып алгандан кийин (1541), Братислава Венгрия королдугунун борбору, венгр королдору менен архиепископторунун резиденциясы (1784-жылга чейин). 1919-жылдын 1-январынан Словакиянын башкы шаары. 1969–90-жылдары Словакия Социалисттик Республикасынын, 1990–92-жылдан Словакия Республикасынын борбору. Град сепили (9–18-кылымдар), шаар чептеринин калдыктары (13–18-кылымдар), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Мартин, 13–19-кылым), барокко жана классицизм стилиндеги сарайлар

сакталган. Эл аралык фестивалдар (театр, кино, заманбап бийи) өткөрүлүп турат.