БРАЗЗАВИЛЬ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы | '''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 2 145 783 (2023). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:26, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
БРАЗЗАВИ́ЛЬ – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 2 145 783 (2023). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.