КОРРЕЛЯЦИЯ (геологияда): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОРРЕЛЯЦИЯ to КОРРЕЛЯЦИЯ (геологияда)) |
(Айырма жок)
| |
05:00, 29 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОРРЕЛЯ́ЦИЯ г е о л о г и я д а – бири бирине жанаша жаткан же бир топ алыстан орун алган тектердин пайда болуу жашын салыштырып аныктоо, бир мезгилдеги тектердин стратиграциялык шкаласын түзүү ыкмасы. Салыштыруу бургулоо көзөнөктөрүнөн тартып, ири аймактарды, ал эмес материкти кучагына алат. Анчалык чоң эмес аймактагы чөкмө ж-а ж а н а р т о о чөкмөлөрүнүн калың катмарларын бири-бирине салыштыруу ж-а алардын пайда болуу мезгилин аныктоо ж е р г и л и к т ү ү, ал эми алыс орун алган ири аймактарды, материктерди бири-бирине салыштыруу ж а л п ы корреляция деп аталат . Мында маркирлөөчү горизонттор бөлүнөт. Каротаждан алынган маалыматтар, биостратиграциялык ыкмалардын жыйынтыктары, изотоп ыкмасы колдонулат. Натыйжада стратиграциялык схема түзүлүп, сол капталына жалпы стратиграциялык шкаладагы бөлүнүштөр, оң жагына изилденген аймактагы тоо тектердин (катмарлардын) стратиграциялык схемасы берилет.