ИСЛАМОВ Юрий Верикович: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Турганбаев Элебай moved page ИСЛАМОВ to ИСЛАМОВ Юрий Верикович) |
(Айырма жок)
| |
01:07, 14 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
ИСЛА́МОВ Юрий Верикович [05. 04. 1968, СССР, Кыргыз ССРи, Ош облусу, Ленин району, Арстанбап айылы (азыркы Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району)] – 31. 10. 1987, Афганстан Демократиялык Республикасы, Забул провинциясы, Дури-Шахжой кыштагы (сөөгү

Россия Федерациясынын, Свердлов облусундагы, Талица шаарына коюлган] – жоокер-интернационалист, кенже сержант, Советтер Союзунун Баатыры (03. 03.1988). 5-класска чейин Мичурин атындагы мектепте (Арстанбаб айылы) окуп, башталгыч мектепти аяктагандан кийин Свердлов облусунун Талица шаарындагы № 55 орто мектепте орто билим алган. 1985-жылы Урал токой-техникалык институтуна өтүп, 1986-жылы ноябрь айында Советтик Армиянын катарына чакырылган. Афганстанда кызмат өтөп, 1987-жылы май айынан октябрь айына чейин 11 жолку жүрүшкө катышкан. Буктурмага кабылган жолдошторунун кутулуп кетишине шарт түзүп, акыркы огу калганча атышып, курчап алган душмандарды өзү менен кошо жок кылган. Өлгөндөн кийин Алтын жылдыз (№ 11570) жана Ленин ордени, ошондой эле «Каармандыгы үчүн» медалы менен сыйланган. Анын ысмы Артанбап айындагы № 34 мектепке берилип, Талица шаарына эстелиги тургузулган.
Ад.: Север А., Колпакиди А. «Спецназ ГРУ»: самая полная энциклопедия М., 2008.