БОЛОНЬЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
мNo edit summary |
||
| (9 intermediate revisions by 4 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''БОЛОНЬЯ́ ''' – Түндүк Италиядагы шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун административдик борбору. Калкы 390 734 (2025). Маанилүү жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Машина куруу, кара металлургия, химия, фармацевтика, полиграфия, жеӊил, тамак-аш, текстиль өнөр жайы өнүккөн. Атом изилдөөнүн | ||
Улуттук борбору, Ун-т (11-к.; Европадагы байыркы ун-ттердин бири), Улуттук пинакотека, Сан-Стефано, Сан-Доминико ж. б. Музейлери бар. Б. з. ч. 6-к-дын аягында Б. Этрусктардын (Фельсина) борбору болгон. Аты б. з. ч. 4-к-дын орто ченинде шаарды басып алган бойлордун атынан аталган. О. кылымда укук мектеби м-н даӊкталган. Роман стилиндеги Сан-Стефано чиркөө комплекси (11–13-к.), жантайыӊкы курулган үй-мунаралар (11–12-к.), готика стилиндеги палаццо (13–15-к.), Сан-Петронио чиркөөсү (14–17-к.), ренессанс стилиндеги айкел порталдары (1425–38, скульптору Якопо делла Кверча), ренессанс (Бевилаква, 15-к.) ж-а барокко стилиндеги сарайлар сакталган. Бул шаарда 1999-ж. бирдиктүү европ. билим берүү системасын түзүү б-ча эл аралык келишим алынган, к. ''Болонья келишими''. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
10:03, 11 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
БОЛОНЬЯ́ – Түндүк Италиядагы шаар. Рено дарыясынын боюнда жайгашкан. Болонья провинциясынын жана Эмилия-Романья облусунун административдик борбору. Калкы 390 734 (2025). Маанилүү жолдор тоому. Кеме жүрүүчү канал аркылуу По дарыясы менен туташат. Машина куруу, кара металлургия, химия, фармацевтика, полиграфия, жеӊил, тамак-аш, текстиль өнөр жайы өнүккөн. Атом изилдөөнүн
Улуттук борбору, Ун-т (11-к.; Европадагы байыркы ун-ттердин бири), Улуттук пинакотека, Сан-Стефано, Сан-Доминико ж. б. Музейлери бар. Б. з. ч. 6-к-дын аягында Б. Этрусктардын (Фельсина) борбору болгон. Аты б. з. ч. 4-к-дын орто ченинде шаарды басып алган бойлордун атынан аталган. О. кылымда укук мектеби м-н даӊкталган. Роман стилиндеги Сан-Стефано чиркөө комплекси (11–13-к.), жантайыӊкы курулган үй-мунаралар (11–12-к.), готика стилиндеги палаццо (13–15-к.), Сан-Петронио чиркөөсү (14–17-к.), ренессанс стилиндеги айкел порталдары (1425–38, скульптору Якопо делла Кверча), ренессанс (Бевилаква, 15-к.) ж-а барокко стилиндеги сарайлар сакталган. Бул шаарда 1999-ж. бирдиктүү европ. билим берүү системасын түзүү б-ча эл аралык келишим алынган, к. Болонья келишими.