КОЛОРАДО (Түндүк Америкадагы бөксө тоо): нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОЛОРАДО to КОЛОРАДО (Түндүк Америкадагы бөксө тоо)) |
(Айырма жок)
| |
03:55, 19 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЛОРА́ДО – Түндүк Америка Кордильерасынын ички тилкесиндеги плато, АКШнын түштүк-батышында. Түндүк-батышынан Чоң Бассейн, чыгыш ж-а түндүк-чыгышынан аскалуу тоолор, түштүгүнөн Мексика тайпак тоосунун ички аймактары м-н чектешет. Аянты 300 миң км2. Басымдуу бийиктиги 1800–2500 м, эң бийик жери – Хамфрис-Пик тоосу (3861 м). Колорадо кембрийге чейинки кристаллдык тектерден түзүлүп, үстүн палеозойдон палеогенге чейинки калың чөкмө тектер каптап жатат. Дарыя каньондору (шаңшаарлар) м-н тилмеленген (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньон ж. б.). Кайнозойдогу көтөрүлүүдөн вулканизм процесси жүрүп, дарыялар тоолорду жемире баштаган (Колорадо дарыясындагы Чоң Каньондун пайда болушу). Колорадонун айрым жерлери супа сымал түзүлүштө, капталдары тик. Климаты субтропиктик, континенттик, кургак; жылдык жаан-чачыны 200–500 мм. Талаа ж-а чөл өсүмдүктөрү (суккуленттер кошо) басымдуу. Колорадонун түштүгүндө «түрдүү түстөгү» чөлдүү аймак жайгашкан; андагы үбөлөнүүдөн пайда болгон өтө ачык түстөгү (ак, кызыл, сары, кызгыл сары) тоо тектер ж-а эол процесстери рельефтин өзгөчө (көпүрө, үңкүр, дарбаза сымал) формаларын пайда кылат. Уран-ванадий кендүү ири аймак; ошондой эле полиметалл кенташтары ж-а алтын кендери бар.