ДАНИБЕГАШВИЛИ Рафаил: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Created page with "'''ДАНИБЕГАШВИЛИ''' (Данибегов, Данибеков) Рафаил (болжол менен 1770-жыл – 1827-жылдан кийин) – грузин соодагери, саякатчы; «Грузин дворяны Рафаил Данибеговдун Индияга саякаты» (орусчасы «Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова») аттуу ките...")
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ДАНИБЕГАШВИЛИ''' (Данибегов, Данибеков) Рафаил (болжол менен 1770-жыл – 1827-жылдан кийин) – [[грузин]] соодагери, саякатчы; «Грузин дворяны Рафаил Данибеговдун Индияга саякаты» (орусчасы «Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова») аттуу китептин автору. 1795–1827-жылдар аралыгында ал атайын буйруктары менен беш жолу [[Индия]]га каттаган. Өтө аз сандуу айрым маалыматтарга караганда алгачкы эки (1795–1796, 1797–1798) сапарында Индиянын Мадрас шаарында жашаган бай армян Шамир Агага (Шахамирян) Лори аттуу кыштакты тартуу кылган грузин (Картли-Кахети) падышасы (1762–1798) Ираклий IIнин жарлыгын жеткирүү үчүн барган. Бул сапарына ал 1795-жылы 15-мартта чыгып, Багдад шаарынан кеме менен Бомбейге, андан түрдүү жолдор аркылуу Мадраска жеткен. Бирок ал келгиче Шахамиряндын көз жуумп кеткенине байланыштуу барган максаты ишке ашкан эмес. Грузиндердин кийинки падышасы (1798–1800) Гео́ргий XII мурунку жарлыкты эми Шахамиряндын уулуна тапшыруу үчүн Р. Данибегашвилини 1799-жылы кайрадан жиберген. Бул сапары 1813-жылга чейин созулуп, ал «Саякаттар» китебин жазууга негиз болгондуктан, анын башка саякаттарына салыштырмалуу эң маанилүүсү болуп саналат. Бул жолу ал жерден кербендер менен бирге [[Кашмир]] – [[Тибет]], андан [[Кытай]]дагы Аксу шаары жана [[Иле дарыясы]] аркылуу Семей (Семипалатинск), Омск, Нижний Новгород, [[Москва шаары]]на келген. Р. Данибегашвилинин кыскача баяндамасынан жолдо кездешкен өлкө, шаарлардын географиялык абалы, жаратылышы, климаты, табигый өзгөчөлүктөрү жана аларда жашаган элдердин үрп-адат, каада-салттары (мис., индиялыктардын сөөк коюу жөрөлгөлөрү, жесирлердин өзүн-өзү өрттөөсү, тибеттиктердин полиандрия салты жана кудайга сыйынышы ж.б.) жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алууга болот.  Бирок ар кандай объективдүү себептерге байланыштуу өлкө-шаар, элдердин аталыштары абдан так эмес, мис., Бахар-Канн – Аракан, Чичра – Чинсур,  Көк-Жар – Кокиар ж.б. түрүндө берилген. Булардан тышкары саякатчынын баяндамасында Тибет, Котон (Худан), Жаркент (Яркант), Кашкар (Гашгир), Аксу (Ахсу), Турпан (Турфан), ал жерлерде жашаган [[мусулман]] калкы жана кытайлыктар тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Алардын биринде Турпан шаарын анча чоң эмес, көрксүз экени, ал шаардан 20 чакырым жерде [[кыргыздар]]дын чек арасы жайгашканы айтылат. Р. Данибегашвилинин баяндамасында келтирилген көп маалыматтар орус кербендери жана чалгынчы-тыңчылар өтө баалуу болуп, өз учурунда Сибирден (Семей, Омск) Иле дарыясы (Кулжа) аркылуу Кытай (Аксу, [[Кашкар]]), Индияга (Кашмир) кыска жолдун ачылышына өбөлгө түзгөн. Баяндама 1815-жылы өз алдынча китепче болуп басылып чыгып, аны кыргыздын тарыхын изилдеген тарыхчы-окумуштуулар (мис., Г. Е. Грумм-Гржимайло, В. В. [[Бартольд]], С. Умурзаков ж.б.) өз эмгектеринде кенен пайдаланышкан.  
'''ДАНИБЕГАШВИЛИ''' (Данибегов, Данибеков) Рафаил (болжол менен 1770-жыл – 1827-жылдан кийин) – [[грузин]] соодагери, саякатчы; «Грузин дворяны Рафаил Данибеговдун Индияга саякаты» (орусчасы «Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова») аттуу китептин автору. 1795–1827-жылдар аралыгында ал атайын буйруктары менен беш жолу [[Индия]]га каттаган. Өтө аз сандуу айрым маалыматтарга караганда алгачкы эки (1795–1796, 1797–1798) сапарында Индиянын Мадрас шаарында жашаган бай армян Шамир Агага (Шахамирян) Лори аттуу кыштакты тартуу кылган грузин (Картли-Кахети) падышасы (1762–1798) Ираклий IIнин жарлыгын жеткирүү үчүн барган. Бул сапарына ал 1795-жылы 15-мартта чыгып, Багдад шаарынан кеме менен Бомбейге, андан түрдүү жолдор аркылуу Мадраска жеткен. Бирок ал келгиче Шахамиряндын көз жуумп кеткенине байланыштуу барган максаты ишке ашкан эмес. Грузиндердин кийинки падышасы (1798–1800) Гео́ргий XII мурунку жарлыкты эми Шахамиряндын уулуна тапшыруу үчүн Р. Данибегашвилини 1799-жылы кайрадан жиберген. Бул сапары 1813-жылга чейин созулуп, ал «Саякаттар» китебин жазууга негиз болгондуктан, анын башка саякаттарына салыштырмалуу эң маанилүүсү болуп саналат. Бул жолу ал жерден кербендер менен бирге [[Кашмир]] – [[Тибет]], андан [[Кытай]]дагы Аксу шаары жана [[Иле дарыясы]] аркылуу Семей (Семипалатинск), Омск, Нижний Новгород, [[Москва шаары]]на келген. Р. Данибегашвилинин кыскача баяндамасынан жолдо кездешкен өлкө, шаарлардын географиялык абалы, жаратылышы, климаты, табигый өзгөчөлүктөрү жана аларда жашаган элдердин үрп-адат, каада-салттары (мис., индиялыктардын сөөк коюу жөрөлгөлөрү, жесирлердин өзүн-өзү өрттөөсү, тибеттиктердин полиандрия салты жана кудайга сыйынышы ж.б.) жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алууга болот.  Бирок ар кандай объективдүү себептерге байланыштуу өлкө-шаар, элдердин аталыштары абдан так эмес, мис., Бахар-Канн – Аракан, Чичра – Чинсур,  Көк-Жар – Кокиар ж.б. түрүндө берилген. Булардан тышкары саякатчынын баяндамасында Тибет, Котон (Худан), Жаркент (Яркант), Кашкар (Гашгир), Аксу (Ахсу), Турпан (Турфан), ал жерлерде жашаган [[мусулман]] калкы жана кытайлыктар тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Алардын биринде Турпан шаарын анча чоң эмес, көрксүз экени, ал шаардан 20 чакырым жерде [[кыргыздар]]дын чек арасы жайгашканы айтылат. Баяндама 1815-жылы өз алдынча китепче болуп басылып чыгып, аны кыргыздар жана [[Кыргызстан]]дын тарыхын изилдеген тарыхчы-окумуштуулар (мис., Г. Е. Грумм-Гржимайло, В. В. [[Бартольд]], С. Умурзаков ж.б.) өз эмгектеринде кенен пайдаланышкан. 1815–1820-жылдары Индияга төртүнчү жолу  барып, бешинчи саякаты (1822–1827) Россиянын Астрахань шаарынан башталып, Каспий деңизи аркылуу Тегеран, Исфахан, Шираз шаарларын басып, кеме менен Бомбейге жеткен. Кайра Кашмир, Кабул, Бухара, Орск жана Оренбург аркылуу кайтып келген. Р. Данибегашвилинин баяндамасында келтирилген көп маалыматтар орус кербендери жана чалгынчы-тыңчылар өтө баалуу болуп, өз учурунда Сибирден (Семей, Омск) Иле дарыясы (Кулжа) аркылуу Кытай (Аксу, [[Кашкар]]), Индияга (Кашмир) кыска жолдун ачылышына өбөлгө түзгөн. Муну менен бирге Р. Данибегашвили Семипалатинск, Омск, Оренбург чептеринде турган орус аскер бийлигине берген көрсөтмө-билдирүүлөрүндө да баалуу маалыматтар камтылган.  


Ад.: Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова, М., 1815; Умурзаков С. Географическая изученность Кыргызстана до середины XIX века. Б., 2021.
Ад.: Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова, М., 1815; Умурзаков С. Географическая изученность Кыргызстана до середины XIX века. Б., 2021.
[[Категория:3-том, 5-85 бб]]

01:16, 19 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

ДАНИБЕГАШВИЛИ (Данибегов, Данибеков) Рафаил (болжол менен 1770-жыл – 1827-жылдан кийин) – грузин соодагери, саякатчы; «Грузин дворяны Рафаил Данибеговдун Индияга саякаты» (орусчасы «Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова») аттуу китептин автору. 1795–1827-жылдар аралыгында ал атайын буйруктары менен беш жолу Индияга каттаган. Өтө аз сандуу айрым маалыматтарга караганда алгачкы эки (1795–1796, 1797–1798) сапарында Индиянын Мадрас шаарында жашаган бай армян Шамир Агага (Шахамирян) Лори аттуу кыштакты тартуу кылган грузин (Картли-Кахети) падышасы (1762–1798) Ираклий IIнин жарлыгын жеткирүү үчүн барган. Бул сапарына ал 1795-жылы 15-мартта чыгып, Багдад шаарынан кеме менен Бомбейге, андан түрдүү жолдор аркылуу Мадраска жеткен. Бирок ал келгиче Шахамиряндын көз жуумп кеткенине байланыштуу барган максаты ишке ашкан эмес. Грузиндердин кийинки падышасы (1798–1800) Гео́ргий XII мурунку жарлыкты эми Шахамиряндын уулуна тапшыруу үчүн Р. Данибегашвилини 1799-жылы кайрадан жиберген. Бул сапары 1813-жылга чейин созулуп, ал «Саякаттар» китебин жазууга негиз болгондуктан, анын башка саякаттарына салыштырмалуу эң маанилүүсү болуп саналат. Бул жолу ал жерден кербендер менен бирге КашмирТибет, андан Кытайдагы Аксу шаары жана Иле дарыясы аркылуу Семей (Семипалатинск), Омск, Нижний Новгород, Москва шаарына келген. Р. Данибегашвилинин кыскача баяндамасынан жолдо кездешкен өлкө, шаарлардын географиялык абалы, жаратылышы, климаты, табигый өзгөчөлүктөрү жана аларда жашаган элдердин үрп-адат, каада-салттары (мис., индиялыктардын сөөк коюу жөрөлгөлөрү, жесирлердин өзүн-өзү өрттөөсү, тибеттиктердин полиандрия салты жана кудайга сыйынышы ж.б.) жөнүндө кызыктуу маалыматтарды алууга болот. Бирок ар кандай объективдүү себептерге байланыштуу өлкө-шаар, элдердин аталыштары абдан так эмес, мис., Бахар-Канн – Аракан, Чичра – Чинсур,  Көк-Жар – Кокиар ж.б. түрүндө берилген. Булардан тышкары саякатчынын баяндамасында Тибет, Котон (Худан), Жаркент (Яркант), Кашкар (Гашгир), Аксу (Ахсу), Турпан (Турфан), ал жерлерде жашаган мусулман калкы жана кытайлыктар тууралуу кыскача маалыматтар жолугат. Алардын биринде Турпан шаарын анча чоң эмес, көрксүз экени, ал шаардан 20 чакырым жерде кыргыздардын чек арасы жайгашканы айтылат. Баяндама 1815-жылы өз алдынча китепче болуп басылып чыгып, аны кыргыздар жана Кыргызстандын тарыхын изилдеген тарыхчы-окумуштуулар (мис., Г. Е. Грумм-Гржимайло, В. В. Бартольд, С. Умурзаков ж.б.) өз эмгектеринде кенен пайдаланышкан. 1815–1820-жылдары Индияга төртүнчү жолу барып, бешинчи саякаты (1822–1827) Россиянын Астрахань шаарынан башталып, Каспий деңизи аркылуу Тегеран, Исфахан, Шираз шаарларын басып, кеме менен Бомбейге жеткен. Кайра Кашмир, Кабул, Бухара, Орск жана Оренбург аркылуу кайтып келген. Р. Данибегашвилинин баяндамасында келтирилген көп маалыматтар орус кербендери жана чалгынчы-тыңчылар өтө баалуу болуп, өз учурунда Сибирден (Семей, Омск) Иле дарыясы (Кулжа) аркылуу Кытай (Аксу, Кашкар), Индияга (Кашмир) кыска жолдун ачылышына өбөлгө түзгөн. Муну менен бирге Р. Данибегашвили Семипалатинск, Омск, Оренбург чептеринде турган орус аскер бийлигине берген көрсөтмө-билдирүүлөрүндө да баалуу маалыматтар камтылган.

Ад.: Путешествие в Индию грузинского дворянина Рафаила Данибегова, М., 1815; Умурзаков С. Географическая изученность Кыргызстана до середины XIX века. Б., 2021.