КОКОН (Өзбекстандагы шаар): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОКОН</b>  –  Өзбекстандын Фергана облусундагы шаар. Фергана ойдуңунун түштүк-батышында, Сох дарыясынын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 206 миң (2008). Темир жол тоому. Жеңил (пахта тазалоо&shy;чу заводдор, байпак комбинаты, тигүү фабрикасы), химия, тамак-аш (май), машина куруу жана ме&shy;талл иштетүү (текстиль жана электр-техника өнөр жайы үчүн) өнөр жайы бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу жана фосфор жер семирткичин чыгарат. Педагогикалык институт, театр, Х. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу жана адабият музейи бар. Алгач X кылымда Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эс&shy;керилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жол&shy;дун жээгинде жайгашкан. XIII кылымда моңголдор та&shy;рабынан талкаланган. Кийин Кокондун ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-жылы <i>Кокон хандыгынын</i> борбору, ди&shy;ний ордосу болгон. 1876-жылы Россия империясы&shy;на кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугун&shy;дагы Фергана облусунун курамына кирген. Орто Азия&shy;дагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы – XVIII кылымдын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана облусундагы Кокон районунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Республикасынын курамында. XVIII–XIX кылымдардын архитектуралык эстеликтери [Медресе-и Мир (XVIII кылымдын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит);  
<b type='title'>КОКОН</b>  –  Өзбекстандын Фергана облусундагы шаар. Фергана ойдуңунун түштүк-батышында, Сох дарыясынын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 313,6 миң (2025). Темир жол тоому. Жеңил (пахта тазалоо&shy;чу заводдор, байпак комбинаты, тигүү фабрикасы), химия, тамак-аш (май), машина куруу жана ме&shy;талл иштетүү (текстиль жана электр-техника өнөр жайы үчүн) өнөр жайы бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу жана фосфор жер семирткичин чыгарат. Педагогикалык институт, театр, Х. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу жана адабият музейи бар. Алгач X кылымда Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эс&shy;керилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жол&shy;дун жээгинде жайгашкан. XIII кылымда моңголдор та&shy;рабынан талкаланган. Кийин Кокондун ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-жылы <i>Кокон хандыгынын</i> борбору, ди&shy;ний ордосу болгон. 1876-жылы Россия империясы&shy;на кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугун&shy;дагы Фергана облусунун курамына кирген. Орто Азия&shy;дагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы – XVIII кылымдын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана облусундагы Кокон районунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Республикасынын курамында. XVIII–XIX кылымдардын архитектуралык эстеликтери [Медресе-и Мир (XVIII кылымдын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит);  


[[File:КОКОН 155.png | thumb | Кокон шаарындагы край таануу музейи. 1863–1873-жылдар. Ку&shy;даяр хандын ордосу.]]
[[File:КОКОН 155.png | thumb | Кокон шаарындагы край таануу музейи. 1863–1873-жылдар. Ку&shy;даяр хандын ордосу.]]

08:22, 17 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОКОН – Өзбекстандын Фергана облусундагы шаар. Фергана ойдуңунун түштүк-батышында, Сох дарыясынын төмөн жагында жайгашкан. Калкы 313,6 миң (2025). Темир жол тоому. Жеңил (пахта тазалоо­чу заводдор, байпак комбинаты, тигүү фабрикасы), химия, тамак-аш (май), машина куруу жана ме­талл иштетүү (текстиль жана электр-техника өнөр жайы үчүн) өнөр жайы бар. Пахта тазалоочу ишкана үчүн жабдуу жана фосфор жер семирткичин чыгарат. Педагогикалык институт, театр, Х. Н. Хамзанын үй-музейи, край таануу жана адабият музейи бар. Алгач X кылымда Хувакенд, Хоканд, Хавокент, Хавокин деп эс­керилет. Индиядан Кытайга кеткен кербен жол­дун жээгинде жайгашкан. XIII кылымда моңголдор та­рабынан талкаланган. Кийин Кокондун ордунда Эски-Коргон чеби пайда болгон. 1732-жылдан шаар. 1740-жылы Кокон хандыгынын борбору, ди­ний ордосу болгон. 1876-жылы Россия империясы­на кошулуп, Түркстан генерал-губернаторлугун­дагы Фергана облусунун курамына кирген. Орто Азия­дагы ири соода борбору. 1917-жылдын аягы – XVIII кылымдын башында Кокон автономиясынын, 1924-жылдан Фергана облусундагы Кокон районунун борбору, 1991-жылдан Өзбекстан Республикасынын курамында. XVIII–XIX кылымдардын архитектуралык эстеликтери [Медресе-и Мир (XVIII кылымдын аягы); Нарбото-бий медресеси (1799, учурда мечит);

Кокон шаарындагы край таануу музейи. 1863–1873-жылдар. Ку­даяр хандын ордосу.

Дахмаи-Шохон жана Мадари-хан күмбөздөр ансамбли (экөө тең 1825); Кудаяр хандын ак сарайы (1871); Камол казы, Зимбардор жана Хуржам медреселери (баа­ры 1827) жана башкалар] сакталган. Кокондогу мурдагы орус банкынын имараты (1903, 1963-жылдан Гафур Гулям атындагы адабият музейи), Крафттардын үйү (1903, азыр шаардык аскер комиссариаты) жана башкалар бар. Эстеликтер (граждандык согуштун баатырларынын боордоштук бейити түбөлүк от жана обелиски менен, 1965; Улуу Ата Мекендик согуштун каты­шуучуларынын, 1981; «Эстелик-Хотира» мемо­риалдык комплекси, 1985 жана башкалар) орнотулган. Кол өнөрчүлүк (жезди чегелөө, токуучулук, жыгач­ты кооздоо) өнүккөн. Элдик искусствонун көөнө борбору.

Ад.: Тухтасинов И. Коканд. Справочник. Таш. 1969; Круковская С. М. Встречи с Кокандом. Таш., 1977; Лукашов Н. А. Коканд. Таш., 1988.