АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
мNo edit summary
мNo edit summary
 
(4 intermediate revisions by the same user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АБДИРАИМ''' Шама уулу (Шаматов) [1892-жыл, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], Фергана облусу, Кокон уезди, [[Лейлек]] болуштугу (азыркы [[Баткен облусу]], [[Лейлек району]], [[Кара-Даван айылы]]) – 1953-жыл, [[Тажик CСР]]и Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жигдели айылы] – жазгыч <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> төкмө акын.. Алгачкы билимди медреседен, андан кийин 1905–1910-жылдары Кожентке жакын Нау (таж. Нов) кыштагындагы мусулман мектебинен алган. 1913-жылы Коженттеги орус-тузем мектебин бүтүргөн. Совет бийлиги келгенде мугалимдик кылып, жаңы замандын орношуна жигердүү катышат. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын эл арасына кеңири тараган [[санат, терме, насыят]] жанрындагы ырлары да арбын. Ал  патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан акындардын бири болгон. Ырларында анча-мынча [[ичкилик]] говоруна тиешелүү диалектилик сөздөр бар. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Ырларында  турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган. [[Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы]]нын кол жазмалар фондунда анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери сакталып турат. 1924-жылдан 1933-жылга чейин элге билим берүү, мамлекеттик кызматтарда иштейт. 1933-жылы жалган жалаа менен “эл душманы” деп айыпталып абакка түшүп, 12 жыл түрмөдө отуруп, 1945-жылы түрмөдөн бошонуп келет. Ак жеринен абакка түшүп, туткундуктун азабын тарткан акын:  
'''АБДИРАИМ''' Шама (Шаматов) [1892-жыл, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], Фергана облусу, Кокон уезди, [[Лейлек]] болуштугу (азыркы [[Баткен облусу]], [[Лейлек району]], Кара-Дабан айылы, Шорек-Ата конушу) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жийдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Абдираим Шама алгачкы билимди Замборучтагы (азыркы Ак-Суу айылы) медреседен алгандан кийин Маргалан медресесинде окуган. Медресени аяктаган соң Кожентте (мурдакы Ленинабад шаары, Тажикстан) орус-тузем мектебин артыкчылык баракчасы менен аяктаган. 1904-1913-жылдарда ошол эле Кожентте мусулманча билимин дагы тереңдеткен. Совет бийлиги орногондо 1918-жылы туулган жери Лейлек районуна кайтып келип, ошол учурдагы коомдук саясий иштерге, жаштарга билим берүүгө активдүү катышкан жана басмачыларга каршы күрөшкөн. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын [[санат, терме, насыят]] жанрындагы ырлары эл арасына кеңири тараган. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери [[Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы|Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы]]нын кол жазмалар фондунда сакталып калган. 1920-жылы РКП(б) нын мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1924-1927-жылдарда Оштогу аймактык элге билим берүү бөлүмүндө,1927-жылы Сүлүктүдө райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп, 1928-жылдан ошол эле райондо жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. 1933-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, Мамлекеттик саясий башкармалык (ГПУ) тарабынан атууга өкүм чыккан. Бирок, орус, казак, өзбек, татар, тажик тилдерин мыкты билген билимдүү адам суракка алып тергеген орус тергөөчүлөргө котормочу катары абдан керек болгондуктан, абактын администрациясы аны атуудан алып калган. Өкүмү 12 жылдык сүргүн менен алмаштырылып, ал Казакстандын Карганды аймагына (КарЛаг) сүргүнгө айдалган. Ак жеринен абакка түшүп, туткун азабын тарткан акын:  


“Жаштыктан эл бийледим журт аралап,
«Жаштыктан эл бийледим журт аралап,


Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,
Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,
7 сап: 7 сап:
Кудайдын кудурети картайганда
Кудайдын кудурети картайганда


Жатамын карангы тамда, күндү самап”, - деп жазган.Акындык таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген Абдирайим Шама уулу:
Жатамын караңгы тамда, күндү самап», деп сүрөттөйт. Таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген акын:


“Тоочак менен бууданга
«Тоочак менен бууданга


Толубайдай сынчы элем,
Толубайдай сынчы элем,


Толкуган калың элиме
Токтогулдай ырчы элем» – деп, ичке каткан арманын сыртка чыгарган.


Токтогулдай ырчы элем” - деп, арманын ичке катып, кыйла жылдарын колдон жулдурган. Эркиндикке чыккандан кийин да артынан түшкөн куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болуп, оболу Кыргызстанга караган, кийин коңшу Тажикстанга карап калган кыргыздын Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал Тажикстандын Жийдели (Жигдели) айылында каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы акталган. Айрым агартуучулардын демилгеси менен өмүр жолу, чыгармалары мектептерде окутуу, Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынган.
Сүргүндөн 1945-жылы бошонуп, эркиндикке чыккандан кийин да куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болгон. Оболу Кыргызстан, кийин Тажикстандын курамына кирген Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал ошол жерде каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы толук акталып, лейлектик педагог Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдираим Шаманын өмүрү жана чыгармачылыгы Лейлек районунун мектептеринин адабият боюнча окуу программасына киргизилип, окутула баштаган. Кийинчерээк Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынып, 2004-жылы акындын ысмы өзү туулуп өскөн Кара-Даван айылындагы орто мектепке берилген. Акын тууралуу «Азаттыктын» журналисттери өз алдынча изилдөө жүргүзүшкөн.Толук ырлар жыйнагы «Залкар акындар» сериясынын 9-томуна жарыяланган. (2016)
 
Ад.: «Лейлек_Булбулу» Түз. С. Дуулатава.  


Б. Сурапбаева.
Б. Сурапбаева.
[[Категория:1-Том]]
[[Категория:1-Том]]

11:09, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АБДИРАИМ Шама (Шаматов) [1892-жыл, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Фергана облусу, Кокон уезди, Лейлек болуштугу (азыркы Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Дабан айылы, Шорек-Ата конушу) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жийдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Абдираим Шама алгачкы билимди Замборучтагы (азыркы Ак-Суу айылы) медреседен алгандан кийин Маргалан медресесинде окуган. Медресени аяктаган соң Кожентте (мурдакы Ленинабад шаары, Тажикстан) орус-тузем мектебин артыкчылык баракчасы менен аяктаган. 1904-1913-жылдарда ошол эле Кожентте мусулманча билимин дагы тереңдеткен. Совет бийлиги орногондо 1918-жылы туулган жери Лейлек районуна кайтып келип, ошол учурдагы коомдук саясий иштерге, жаштарга билим берүүгө активдүү катышкан жана басмачыларга каршы күрөшкөн. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын санат, терме, насыят жанрындагы ырлары эл арасына кеңири тараган. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып калган. 1920-жылы РКП(б) нын мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1924-1927-жылдарда Оштогу аймактык элге билим берүү бөлүмүндө,1927-жылы Сүлүктүдө райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп, 1928-жылдан ошол эле райондо жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. 1933-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, Мамлекеттик саясий башкармалык (ГПУ) тарабынан атууга өкүм чыккан. Бирок, орус, казак, өзбек, татар, тажик тилдерин мыкты билген билимдүү адам суракка алып тергеген орус тергөөчүлөргө котормочу катары абдан керек болгондуктан, абактын администрациясы аны атуудан алып калган. Өкүмү 12 жылдык сүргүн менен алмаштырылып, ал Казакстандын Карганды аймагына (КарЛаг) сүргүнгө айдалган. Ак жеринен абакка түшүп, туткун азабын тарткан акын:

«Жаштыктан эл бийледим журт аралап,

Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,

Кудайдын кудурети картайганда

Жатамын караңгы тамда, күндү самап», – деп сүрөттөйт. Таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген акын:

«Тоочак менен бууданга

Толубайдай сынчы элем,

Токтогулдай ырчы элем» – деп, ичке каткан арманын сыртка чыгарган.

Сүргүндөн 1945-жылы бошонуп, эркиндикке чыккандан кийин да куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болгон. Оболу Кыргызстан, кийин Тажикстандын курамына кирген Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал ошол жерде каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы толук акталып, лейлектик педагог Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдираим Шаманын өмүрү жана чыгармачылыгы Лейлек районунун мектептеринин адабият боюнча окуу программасына киргизилип, окутула баштаган. Кийинчерээк Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынып, 2004-жылы акындын ысмы өзү туулуп өскөн Кара-Даван айылындагы орто мектепке берилген. Акын тууралуу «Азаттыктын» журналисттери өз алдынча изилдөө жүргүзүшкөн.Толук ырлар жыйнагы «Залкар акындар» сериясынын 9-томуна жарыяланган. (2016)

Ад.: «Лейлек_Булбулу» Түз. С. Дуулатава.

Б. Сурапбаева.