КОЙ-ТАШ (Аксы районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

07:35, 16 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЙ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Аксы районун­дагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна ка­раштуу. Кой-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 885 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 50 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1931-жылы негиз­делген. Калкы 1961 (2022); негизинен мал м-н алектенип, тамекичиликте эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, медпункт бар.