БАЗИЛИКА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(9 intermediate revisions by 8 users not shown)
1 сап: 1 сап:
  (гр. basilike ‒ падыша үйү) ичи колонна же катар түркүктөр м-н узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоӊ аралыкты тосконго ыӊгайлуу болгон; ортоӊку неф (эреже катары капталдагылардан бийик ж-а кеӊири) каптал бөлүктөрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган ж-а ''апсида'' м-н бүткөн. Б-га кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты нартекс жайгашкан. Эӊ алгачкы Б. б. з. ч. 210-ж. Деллос аралында курулган. Рим ш-нда Б. сот ж-а соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дининин бекемделиши м-н Б. храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору
'''БАЗИЛИКА '''(грекче Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана ''апсида'' менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон ж-а IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.   
[[File:БАЗИЛИКА117.png | thumb | Римдеги Сан Паоло фуори ле мура базиликасы. Клуатра галереясы.]]
[[Файл:Базилика.jpg|left|thumb|220x220px|Базилика]]
неф, апсида чыгыш жактагы алтарь м-н бүткөн. Эӊ ири алгачкы христиандык Б-лар бай мозаика м-н кооздолгон ж-а 4-6-к-да Рим, Равенна, Константинополь, Сирия ж. б-да курулган.
[[Файл:Париж.jpg|center|thumb|281x281px|Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы]]
 
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

04:56, 16 Июль (Теке) 2025 -га соңку нускасы

БАЗИЛИКА (грекче Ьазіііке - падыша үйү) - ичи колонна же катар түркүктөр менен узун бөлүктөргө (нефтерге) бөлүнгөн тик бурчтуу пландагы имарат. Бул нефтер чоң аралыкты тосконго ыңгай­луу болгон; ортоңку неф (эреже катары каптал­дагылардан бийик жана кеңири) каптал бөлүк­төрдөгү терезелер аркылуу жарык кылынган жана апсида менен бүткөн. Базиликага кире бериш жерде туурасынан кеткен эшик асты - нартекс жай­гашкан. Эң алгачкы базилика Деллос аралында биздин заманга чейин 210-жылы курулган. Рим шаарында базилика сот жана соода залы болуп кызмат кылган. Христиан дини­нин бекемделиши менен базилика храмдардын негизги типтеринин бири болуп калган, ал эми борбору неф, апсида - чыгыш жактагы алтарь менен бүткөн. Эң ири алгачкы христиандык базиликалар бай мозаика менен кооздолгон ж-а IV–VI кылымдарда Рим, Равенна, Константинополь, Сирия жана башкаларда курулган.

Базилика
Париждеги Ыйык Клотильданын базиликасы