БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(20 intermediate revisions by 10 users not shown)
1 сап: 1 сап:
Жалал-Абат обл-ндагы адм. бирдик. 1934-ж. чейин анын курамында Масы р-ну да болгон. 1937‒78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон р-ндору эки жолу биригип, кийин Ленин р-ну аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түн.-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Cузак р-ндору, түш.-батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миӊ ''км''<sup>2</sup>. Калкы 158,8 миӊ (2015). Райондо 9 айыл аймагы, 55 кыштак бар. Борбору Базар-Коргон кыш.<br>
'''БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ '''- Жалал-Абад облусунда­гы административдик бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түн­дүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан [[Тогуз-Торо]], чыгышынан ж-а түшгүгүнөн Сузак райондору, түштүк - батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң ''км''<sup>2</sup>. Калкы 190,2 миң (2022). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору - Базар-Коргон кыштагы. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкүр өрөөнүн ж-а аны курчап турган Бабаш Ата кырка тоо­сунун түштүк-чыгыш, Кең Кол, Фергана тоолору­нун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнү­нүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин [[Арс­танбап]], Кызыл Үңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш мате­риалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, Жер ортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10-20°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 ''мм'', тоолуу бөлүгүндө 1100 ''мм'' ге чейин. Райондун аймагы­нан Карүңкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабаш Ата тоолорунан башталып, Кызыл Үңкүр, Жаз­ Кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кең Кол, Кутма-Көл, Каракол; ошондой эле ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топу­рактуу. Базар-Коргон районунун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл Үңкүр) жайгашкан. Ал массивдер - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак - жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет. Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыз­дар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүл­дөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканын жалпы жыштыгынан жогору, 1 ''км''<sup>2</sup> жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын негизги багыты - пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район боюнча 2003-жылы 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй-бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөн­чүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миң ''га'', анын 13,8 миң ''га'' сы сугат жер, 5,6 миң ''га'' сы чабынды, 78,3 миң ''га'' сы жайыт, 791 ''га'' сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерле­ринен 2003-жылы 26,0 миң ''т'' буудай, 17,4 миң ''т'' пахта, 0,2 миң ''т'' тамеки, 10,3 миң ''т'' картөшкө, 3,6 миң ''т'' мөмө-жемиш, 19,8 миң ''т'' жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң ''т'' тоют жыйналган. 2003-жылы буудай 7042 ''га'', жүгөрү 1178 ''га'', шалы 524 ''га'', башка дан өсүмдүктөрү 354 ''га'', пахта 5350 ''га'', тамеки 838 ''га'', май алынуучу өсүмдүктөр 4451 ''га'', картөшкө 787 ''га'', жашылча 960 ''га'', бакча 206 ''га'' жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-жылы 55,6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үй кушу асыралган, 6,2 миң ''т'' эт, 33,3 миң ''л'' сүт, 163 ''т'' жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-жылы райондун жалпы өнөр жайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтын кемер» ишканалары, «Кыргыз - Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюм­дарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Ин­дастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Аме­рикалык «Дюбек холдинг» тамеки фермент­төөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелеш­кен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акцио-
Райондун аймагы негизинен ''Кара-Үӊкүр өрөөнүн'' ж-а аны курчап турган ''Бабаш-Ата кырка тоосунун'' түш.-чыгыш, Кеӊкол, Фергана тоолорунун түш. капталдарын, о. эле Фергана өрөөнүнүн түн.-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр, Каба, Ачы жапайы жаӊгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, жер ортолук деӊиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орт. темп-расы ‒3...‒10°C; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орт. темп-расы 10‒20°C. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөӊ бөлүгүндө 300‒400 ''мм'', тоолуу
[[File:БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ113.png | thumb | none]]
бөлүгүндө 1100 ''мм''ге чейин. Райондун аймагынан Кара-Үүӊкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабаш-Ата тоолорунан башталып, Кызыл-Үӊкүр, Жазы-Кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрүнөн Кеӊкол, Кутман-Көл, Каракол сыяктуу ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөӊ ж-а күрөӊ-тоо топурактуу. Б.-К. р-нун аймагында Түш. Кырг-ндагы жапайы жаӊгак-жемиш токоюнун эӊ жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр) жайгашкан. Ал массивдер дүйнөдөгү эӊ кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаӊгак-жемиш токою түзөт. Жаӊгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, о. эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды бийик өскөн шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Cуу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаӊгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайыӊ, шилби, табылгы кездешет.<br>
Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орт. жыштыгы респ-нын жалпы жыштыгынан жогору, 1 ''км''<sup>2 </sup>жерге 64 киши.
Райондун экономикасынын негизин а. ч. түзөт. А. ч-нын негизги багыты пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район б-ча 2003-ж. 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үйбүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. А. ч-га жарактуу жери 104,7 миӊ ''га'', анын 13,8 миӊ ''га''сы сугат жер, 5543 ''га''сы чабынды, 78,3 миӊ ''га''сы жайыт, 791 ''га''сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2003-ж. 26,0 миӊ ''т'' буудай, 17,4 миӊ ''т'' пахта, 0,2 миӊ ''т'' тамеки, 10,3 миӊ ''т'' картөшкө, 3,6 миӊ ''т'' мөмө-жемиш, 19,8 миӊ ''т'' жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миӊ ''т'' тоют жыйналган. 2003-ж. буудай 7042 ''га'', жүгөрү 1178 ''га'', шалы 524 ''га'', башка дан өсүмдүктөрү 354 ''га'', пахта 5350 ''га'', тамеки 838 ''га'', май алынуучу өсүмдүктөр 4451 ''га'', картөшкө 787 ''га'', жашылча 960 ''га'', бакча 206 ''га'' жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-ж. 55,6 миӊ кой-эчки, 4,6 миӊ бодо мал, 6,9 миӊ жылкы, 7,0 миӊ үйкушу асыралган, 6,2 миӊ ''т'' эт, 33,3 миӊ ''л'' сүт, 163 т жүн, 3,1 ''млн'' даана жумуртка өндүрүлгөн.<br>
Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтынкемер» ишканалары, «Кыргыз Түрк Этем Озсой» з-ду, жаӊгак жыгачынан үй буюмдарына керектүү материалдарды жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. О. эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Кара-Үӊкүр» акционердик коомдору, сүт, нан з-ддору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар.<br>
Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү ‒ автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы уз. 194 ''км'', анын асфальтталганы 147 ''км''. Базар-Коргон кыш. ‒ жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек ‒ Жалал-Абат ‒ Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон ‒ Арстанбап, Базар-Коргон ‒ Кызыл-Үӊкүр ж. б. автомобиль жолдору бар.<br>
Райондо 2003‒04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар-Коргон, Кажырабат кыш-нда) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миӊ окуучу окуп, 2,3 миӊ мугалим иштеген, 13 бала бакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), муз. мектептер (115 окуучу), гимназия жатак мектеби, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу
окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл-Үӊкүр аймактарында окуучулар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миӊ нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социал. комплекс, 13 мад-т үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар ‒ Арстанбап-Ата, Актайлак-Ата, Көлкупан-Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таӊы» гезити чыгат.<br>
''Ө. Бараталиев.''<br>


[[File:БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ1.png | thumb | none]]
нердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегир­мен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар. Райондогу транспорт каттамынын негизги тү­рү - автомобиль жолу. Андагы жолдордун жал­пы узундугу 194 ''км'', анын асфальтталганы 147 ''км''. Базар-Коргон кыштагы - жолдор тоому. Ал аркы­луу Бишкек - Жалал Абад - Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон - Арс­танбап, Базар-Коргон - Кызыл Үңкүр ж. б. автомобиль жолдору бар. Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар-Коргон, Кажыр-Абат кыштактарында) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 ба­ла бакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), музыкалык мектеп­тер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл Үңкүр аймактарында окуучу­лар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо 2003-жылы борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оору­кана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар - Арстанбапата, Актайлак-Ата, Көлкупан-­Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чы­гат.
''Ө. Бараталиев.''
[[Category: 2-том, 1-69 бб]]

06:45, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ - Жалал-Абад облусунда­гы административдик бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978-жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түн­дүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан ж-а түшгүгүнөн Сузак райондору, түштүк - батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң км2. Калкы 190,2 миң (2022). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору - Базар-Коргон кыштагы. Райондун аймагы негизинен Кара-Үңкүр өрөөнүн ж-а аны курчап турган Бабаш Ата кырка тоо­сунун түштүк-чыгыш, Кең Кол, Фергана тоолору­нун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнү­нүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арс­танбап, Кызыл Үңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш мате­риалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, Жер ортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10-20°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 мм ге чейин. Райондун аймагы­нан Карүңкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабаш Ата тоолорунан башталып, Кызыл Үңкүр, Жаз­ Кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кең Кол, Кутма-Көл, Каракол; ошондой эле ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топу­рактуу. Базар-Коргон районунун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл Үңкүр) жайгашкан. Ал массивдер - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак - жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет. Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыз­дар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүл­дөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын негизги багыты - пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район боюнча 2003-жылы 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй-бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөн­чүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң га сы сугат жер, 5,6 миң га сы чабынды, 78,3 миң га сы жайыт, 791 га сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерле­ринен 2003-жылы 26,0 миң т буудай, 17,4 миң т пахта, 0,2 миң т тамеки, 10,3 миң т картөшкө, 3,6 миң т мөмө-жемиш, 19,8 миң т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң т тоют жыйналган. 2003-жылы буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-жылы 55,6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үй кушу асыралган, 6,2 миң т эт, 33,3 миң л сүт, 163 т жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-жылы райондун жалпы өнөр жайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтын кемер» ишканалары, «Кыргыз - Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюм­дарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Ин­дастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Аме­рикалык «Дюбек холдинг» тамеки фермент­төөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелеш­кен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акцио-

нердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегир­мен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар. Райондогу транспорт каттамынын негизги тү­рү - автомобиль жолу. Андагы жолдордун жал­пы узундугу 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базар-Коргон кыштагы - жолдор тоому. Ал аркы­луу Бишкек - Жалал Абад - Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон - Арс­танбап, Базар-Коргон - Кызыл Үңкүр ж. б. автомобиль жолдору бар. Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар-Коргон, Кажыр-Абат кыштактарында) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 ба­ла бакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), музыкалык мектеп­тер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл Үңкүр аймактарында окуучу­лар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо 2003-жылы борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оору­кана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар - Арстанбапата, Актайлак-Ата, Көлкупан-­Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чы­гат.

Ө. Бараталиев.