АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ: нускалардын айырмасы
imported>Temirkan No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |

| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ''' (1722, Мултан, Панджаб провинциясы ‒ 16/23. 10. 1772, Тоба-Маруф, Афганистан) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган жана ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы ''Надир-шах'' Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары менен Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түштүк Түркстанга жортуулдарды уюштурган. | '''АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ''' (1722, Мултан, Панджаб провинциясы ‒ 16/23. 10. 1772, Тоба-Маруф, Афганистан) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган жана ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы ''Надир-шах'' Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары менен Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түштүк Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748‒1757-жылдары Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-жылы Патипаттын жанындагы салгылашууда маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, маданияты гүлдөп, экономикасы жогорулаган.

[[Категория:1-Том]] | |||
09:52, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АХМАД-ШАХ ДУРРАНИ (1722, Мултан, Панджаб провинциясы ‒ 16/23. 10. 1772, Тоба-Маруф, Афганистан) ‒ көз каранды эмес афган мамлекети ‒ Дуррани державасынын (1747‒1818) негиздөөчүсү. 1747-жылдан ал мамлекет башына келген соӊ, Дуррани («берметтин бермети») наамын алган жана ал чыккан абдали уруусу дурранилер уруусу деп атала баштаган. Иран шахы Надир-шах Афшардын жортуулдарына катышып, өзүн таланттуу аскер башчы катары көрсөткөн. Надир-шах дүйнөдөн кайткандан кийин (1747), Иран армиясынын курамындагы афган отряддары менен Афганистанга кайтып келип, бардык афган урууларын өзүнүн бийлиги астында бириктирген. Индияга, Иранга, Түштүк Түркстанга жортуулдарды уюштурган. 1748‒1757-жылдары Пенжаб, Кашмир, Сирхинд, Синд, Хорасан, Балх, Белужистанды басып алган. 1761-жылы Патипаттын жанындагы салгылашууда маратхылардын аскерлерин талкалагандан кийин, Дурранилер державасы ири империяга айланган. Афганистандын шаарлары өсүп, маданияты гүлдөп, экономикасы жогорулаган.