АТТОКУРОВ Сабыр: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АТТОКУРОВ Сабыр''' | '''АТТОКУРОВ Сабыр''' [08. 04. 1932, [[СССР]], [[Кыргыз АССРи]], [[Кочкор]] (азыркы [[Жумгал]]) [[району]], Лама айылы ‒ 02. 01. 2005, Бишкек] ‒ тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). [[Кыргыз Республикасы]]нын илимге эмгек сиӊирген ишмери (2000). 1953-жылы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1956‒1986-жылдарда [[Кыргыз Мамлекеттик университети]]нин тарых факультетинде окутуучу, доцент, деканы, кафедра башчысы, профессор. 1986‒1993-жылдарда [[Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы]]нын тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер, 1993‒2005-жылдарда бөлүм башчы болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин (<span cat='ж.кыск' oldv='а. и.'>анын ичинде</span> 10 монография) автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайын, ошондой эле кыргыз элинин этнографиясын изилдөөгө арналган. Анын «Тайлак баатыр» (1994), «Тагай бий» (1994), «Кыргыз санжырасы» (1995), «Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы» (1996) жана башка китептери жарык көргөн.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:34, 25 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АТТОКУРОВ Сабыр [08. 04. 1932, СССР, Кыргыз АССРи, Кочкор (азыркы Жумгал) району, Лама айылы ‒ 02. 01. 2005, Бишкек] ‒ тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1969), профессор (1971). Кыргыз Республикасынын илимге эмгек сиӊирген ишмери (2000). 1953-жылы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. 1956‒1986-жылдарда Кыргыз Мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окутуучу, доцент, деканы, кафедра башчысы, профессор. 1986‒1993-жылдарда Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын тарых институтунда жетектөөчү илимий кызматкер, 1993‒2005-жылдарда бөлүм башчы болуп иштеген. 200дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Эмгектери негизинен Кыргызстандын өнөр жайын, ошондой эле кыргыз элинин этнографиясын изилдөөгө арналган. Анын «Тайлак баатыр» (1994), «Тагай бий» (1994), «Кыргыз санжырасы» (1995), «Кыргыз этнографиясынын тарыхнаамасы» (1996) жана башка китептери жарык көргөн.