АТМОСФЕРАНЫН РАДИОАКТИВДҮҮЛҮГҮ: нускалардын айырмасы
556-684>KadyrM No edit summary |
imported>Gulira No edit summary |

| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АТМОСФЕРАНЫН РАДИОАКТИВДҮҮЛҮГҮ‒''' атмосферада радиоактивдүү заттардын болушу. Негизги пайда кылуучу булактары: 1) радиоактивдүү изотоптордун жер бетинен келиши; 2) табигый ядролук реакциялардын натыйжасында радиоактивдүү изотоптордун атмосферада пайда болушу; 3) жасалма ядролук реакциялардын (ядролук жарылуулардын) эсебинен атмосферада пайда болуучу радиоактивдүү изотоптор. Радиоактивдүү элементтердин табиятта (жер кыртышында) минерал жана кенташ (руда) түрүндөгүсү ‒ уран менен торий. Калгандары ‒ алардын радиоактивдик ажыроосунан гана пайда болгон химиялык элементтер. Радиоактивдүү элементтердин (радий, торий, актиний) изотоптору: радон, торон, актиний. Алардын ичинен жер кыртышынан атмосферага аба аркылуу кеӊири тараганы ‒ радон. Кургактыктын ар бир ''см''2 аянтынын орто эсеп менен 10 ‒7''кюри'' радон атмосферага өтүп турат. Радон атмосферадагы майда бөлүкчөлөр менен бирикпегендиктен, атмосферанын радиоактивдүүлүгүн арттырат. Андан башка уран кендери, атом бомбасынын жарылуусу ж. б. да атмосферанын радиоактивдүүлүгүн көбөйтөт. Бирок радиоактивдик ажыроодон, радиоактивдешкен аэрозолдордун гравитациялык, электрдик жана диффузиялык чөгүүлөрүнүн, алардын жаан-чачын менен жер бетине түшүүсүнөн ж. б. натыйжасында атмосфера тазаланып, атмосферанын радиоактивдүүлүгү салыштырма бир калыпта сакталып турат.

[[Категория:1-Том]] | |||
11:03, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АТМОСФЕРАНЫН РАДИОАКТИВДҮҮЛҮГҮ‒ атмосферада радиоактивдүү заттардын болушу. Негизги пайда кылуучу булактары: 1) радиоактивдүү изотоптордун жер бетинен келиши; 2) табигый ядролук реакциялардын натыйжасында радиоактивдүү изотоптордун атмосферада пайда болушу; 3) жасалма ядролук реакциялардын (ядролук жарылуулардын) эсебинен атмосферада пайда болуучу радиоактивдүү изотоптор. Радиоактивдүү элементтердин табиятта (жер кыртышында) минерал жана кенташ (руда) түрүндөгүсү ‒ уран менен торий. Калгандары ‒ алардын радиоактивдик ажыроосунан гана пайда болгон химиялык элементтер. Радиоактивдүү элементтердин (радий, торий, актиний) изотоптору: радон, торон, актиний. Алардын ичинен жер кыртышынан атмосферага аба аркылуу кеӊири тараганы ‒ радон. Кургактыктын ар бир см2 аянтынын орто эсеп менен 10 ‒7кюри радон атмосферага өтүп турат. Радон атмосферадагы майда бөлүкчөлөр менен бирикпегендиктен, атмосферанын радиоактивдүүлүгүн арттырат. Андан башка уран кендери, атом бомбасынын жарылуусу ж. б. да атмосферанын радиоактивдүүлүгүн көбөйтөт. Бирок радиоактивдик ажыроодон, радиоактивдешкен аэрозолдордун гравитациялык, электрдик жана диффузиялык чөгүүлөрүнүн, алардын жаан-чачын менен жер бетине түшүүсүнөн ж. б. натыйжасында атмосфера тазаланып, атмосферанын радиоактивдүүлүгү салыштырма бир калыпта сакталып турат.