АТАЛА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
imported>Gulira No edit summary |
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
05:03, 24 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АТАЛА‒ 1) акшак, ун, талкандан жасалган даам. Акшактан (адырадан) жасалса жарма Атала, ал эми ундан жасалганын жылма Атала, кант кошулганын кече Атала деп аташат. Аталаны мурда көбүнчө жардылар негизги тамак-аш катары колдонушкан; 2) арпа, буудай, сулунун адырасына чары, кебегин кошуп кайнатып даярдалган малдын бардык түрү, өзгөчө жаш төл жана бордолуп жаткан мал үчүн кубаттуу, жагымдуу тоют. Азыркы күндө да көп жерде кышкы төлгө, бордогу малга Атала беришет.