БРАЗЗАВИЛЬ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Респ-нын борбор шаары. Адм. жактан коммунага бөлүнөт. Конго д-нын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демокр. Респ.) ш-нын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол ж-а автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту м-н байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо ж-а кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Ун-т, Улуттук музей бар. Борб. бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары ж-а бак-дарактуулугу м-н айырмаланып, адм. ж-а финансы мекемелери, соода ж-а өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-ж. Ортонку Конгонун, 1910–58-ж. Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-ж. Конго Респ-сынын адм. борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-ж. негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.
'''БРАЗЗАВИ́ЛЬ ''' – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 2 145 783 (2023). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

08:26, 7 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

БРАЗЗАВИ́ЛЬ – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 2 145 783 (2023). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.