АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
556-684>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (9 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ'''‒ 1931-жылы Ат-Башы районунда болгон элдин нааразылык козголоӊу. Негизинен Ат-Башыдагы черик уруусунун акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Ак-Бейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> куралданышкан). Чек арачылар замбирек <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан. <br> | |||
''Ы. Кадыров.'' | |||
[[Категория:1-Том]] | |||
04:07, 2 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АТ-БАШЫ КӨТӨРҮЛҮШҮ‒ 1931-жылы Ат-Башы районунда болгон элдин нааразылык козголоӊу. Негизинен Ат-Башыдагы черик уруусунун акчубак тукумундагылар катышкан. Ошол мезгилде айрым чек арачылардын элге жасаган шовинисттик мамилелерине, совет бийлигинин кулакка тартуу, мал-мүлктү ортолоштуруу саясатына нааразы болушкан жергиликтүүлөр Ак-Бейит сакчылар пунктунун (застава) начальнигин өлтүрүшкөн (эстелиги азыр да Ат-Башы айылында), Чеч-Дөбөдөгү сакчылар пунктуна кол салууга аракеттенишкен (союл, камчы, кетмен, күрөк, шылкетме менен куралданышкан). Чек арачылар замбирек менен тоону карай бир-эки жолу атканда эле алар кайра качышкан. Чек арачылар артынан түшүп, көтөрүлүшчүлөрдү аёосуз кырган, айрымдары Кытайга кире качып кутулушкан.
Ы. Кадыров.