АССИРИЯ ТААНУУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Gulira
No edit summary

(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АССИРИЯ ТААНУУ‒''' шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Ж. Чыгыш элдеринин тарыхы, мад-ты ж-а тили ж-дөгү илимдердин комплекси. Алгач ''аккад тилинин'' вавилондук ж-а ассириялык диалекттери, жазуусу ж-а байыркы Месопотамиянын тарыхы ж-дөгү илим. А. шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. А-га О. Г. Лейарддын (Англия) ж-а П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. А. 1857-ж. жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу м-н эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын ж-а чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-ж. А. Амьо м-н Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан ж-а А-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу ж-а Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-ж-да жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу ж-а шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-к-да ж-а 20-к-дын 1-жарымында А. илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай ж-а элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван ун-ттери А. илимин иликтөө борбору болуп калган. А. ж-дөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , о. эле чет өлкөлүк бир нече атайын А. маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. А-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш ун-ти), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу ин-ту), Санкт-Пе тербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык ин-ту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А-га Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.

'''АССИРИЯ ТААНУУ‒''' шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Жакынкы Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты жана тили жөнүндөгү илимдердин комплекси. Алгач ''аккад тилинин'' вавилондук жана ассириялык диалекттери, жазуусу жана байыркы Месопотамиянын тарыхы жөнүндөгү илим. Ассирия таануу шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. Ассирия таанууга О. Г. Лейарддын (Англия) жана П. Э. Боттун (Франция) 19-кылымдын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин биздин заманга чейин 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. Ассирия таануу 1857-жылы жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу менен эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү боюнча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш шаарынын урандыларынан (биздин заманга чейин 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын жана чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-жылдары А. Амьо менен Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан жана Ассирия таануунун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу жана Вавилониянын бардык маданияты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда Ассирия таануу боюнча эмгектер 19-кылымдын 90-жылдарында жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу жана шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-кылымда  жана 20-кылымдын 1-жарымында Ассирия таануу илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай жана элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван университеттери Ассирия таануу илимин иликтөө борбору болуп калган. Ассирия таануу жөнүндөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , ошондой эле чет өлкөлүк бир нече атайын Ассирия таануу маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. Ассирия таануунун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш университети), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу институту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык институту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. шаарларында жайгашкан. Кийинки жылдарда Ассирия таанууга Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.

[[Категория:1-Том]]

06:12, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АССИРИЯ ТААНУУ‒ шынаа сымал жазууга негизделген жазма системасын пайдаланышкан байыркы Жакынкы Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты жана тили жөнүндөгү илимдердин комплекси. Алгач аккад тилинин вавилондук жана ассириялык диалекттери, жазуусу жана байыркы Месопотамиянын тарыхы жөнүндөгү илим. Ассирия таануу шумерологияны, хеттологияны, хурритологияны, эламитологияны, урарту таанууну да камтыйт. Ассирия таанууга О. Г. Лейарддын (Англия) жана П. Э. Боттун (Франция) 19-кылымдын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаӊылыгы (Персия падышасы Дарий Iнин биздин заманга чейин 521-жылга жакын, Бехустун аскасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги шынаа сымал жазуулары) база болгон. Ассирия таануу 1857-жылы жаӊы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия шынаа сымал жазуусу менен эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү боюнча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш шаарынын урандыларынан (биздин заманга чейин 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын жана чарбалык документтерин таап, аларды 1884‒1905-жылдары А. Амьо менен Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан жана Ассирия таануунун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык шынаа сымал жазуусу жана Вавилониянын бардык маданияты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда Ассирия таануу боюнча эмгектер 19-кылымдын 90-жылдарында жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу жана шумерологу М. В. Никольский тарабынан чогултулган шумерге таандык документтерди бастырып чыгарган. 19-кылымда жана 20-кылымдын 1-жарымында Ассирия таануу илимин изилдеп үйрөтүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай жана элам тилдери кошулган. Урартолог Б. Б. Пиотровский археология тармагында да ийгиликтерге жетишкен. Санкт-Петербург, Тбилиси, Ереван университеттери Ассирия таануу илимин иликтөө борбору болуп калган. Ассирия таануу жөнүндөгү макалалар россиялык «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» , ошондой эле чет өлкөлүк бир нече атайын Ассирия таануу маселелерине арналган журналдарда жарыяланып турат. Ассирия таануунун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго (Чыгыш университети), Москва (Россия ИАнын Чыгыш таануу институту), Санкт-Петербург (Эрмитаж), Багдад (Багдад музейи), Рим (Папанын библиялык институту), Стамбул (Стамбул музейи), Анкара, Берлин, Мюнхен, Гейделберг, Прага ж. б. шаарларында жайгашкан. Кийинки жылдарда Ассирия таанууга Ирактын илимпоздору да өз салымдарын кошууда.