АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (2))
imported>Gulira
No edit summary

(4 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АРЫНБАСАРОВА''' Наталья Өтеул кызы (24. 9. 1946-ж. т., Москва ш.) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстандын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), ВГИКтин актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз фильмдеринде тартылуу менен баштаган. «Биринчи мугалим» (реж. А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинофильминде Алтынайдын ролун чоң драматизм менен психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (реж. И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (реж. Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (реж. Т. Океев, 1977) ж. б. фильмдерине тартылган. Н. Арынбасарова СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).
'''АРЫНБАСАРОВА''' '''Наталья Өтеул кызы''' (24. 09. 1946-жылы туулган, Москва шаары) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз тасмаларына тартылуу менен баштаган. «Биринчи мугалим» (режиссёру А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинотасмасында Алтынайдын ролун чоң драматизм менен психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (режиссёру И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (режиссёру Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (режиссёру Т. Океев, 1977) жана башка тасмаларга тартылган. Наталья Арынбасарова СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).
[[Категория:1-Том]]

04:47, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АРЫНБАСАРОВА Наталья Өтеул кызы (24. 09. 1946-жылы туулган, Москва шаары) – киноактриса, РСФСРдин эл артисти (1998), Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Москва хореография окуу жайын (1964), С. А. Герасимов атындагы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) актёрлук факультетин (1974) бүтүргөн. Кино ишмердигин кыргыз тасмаларына тартылуу менен баштаган. «Биринчи мугалим» (режиссёру А. С. Михалков-Кончаловский, 1965) кинотасмасында Алтынайдын ролун чоң драматизм менен психологиялык кылдаттыкта ойногон (Венецияда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгын алган). «Жамийла» (режиссёру И. Поплавская, 1969), «Эски тегирмен» (режиссёру Ү. Ибрагимов, 1972), «Улан» (режиссёру Т. Океев, 1977) жана башка тасмаларга тартылган. Наталья Арынбасарова СССР Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты (1978).