БОЛОТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (4 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''БОЛОТ ''' – темир | '''БОЛОТ ''' – темир менен көмүртекти, башка элементтерди (марганец, кремний, күкүрт, фосфор ж. б.) кошуп, эритип алынган элпек иштетилүүчү (деформациялануучу) куйма. Ал химиялык курамы боюнча көмүртектүү Болот, ал эми курамына көмүртектен тышкары хром, никель, молибден кошулса, легирленген болот болуп айырмаланат. Болот алуунун көп процесси бар (к. ''Болот эритүү''). Болот өндүрүшүнүн негизги агрегаттары: конвертор, ''мартен меши, электр меши.'' Жогорку сапаттагы болотту алыш үчүн тазартылган эритмелер колдонулат. Химиялык түзүлүшүнө карай ал көмүртектүү жана маӊыздалган деп бөлүнөт. Маӊыздалган болоттун түзүлүшүнө маӊыздоочу элементтер (хром, никель, молибден, вольфрам, титан ж. б.) кирип, анын сапатын жогорулатат. Маӊыздоочу элементтер тамга жана сан менен белгиленет. Мисалы, 3х13 деген болоттун тутумунда 0,3% көмүртек, 13% хром; 2х17 Н<sub>2</sub>де 0,2 % көмүртек, 17% хром, 2% никель бар. Эгерде тамгадан кийин сан жок болсо, маңыздоочу элементтин тутуму 1,5 %тен ашпаган болот. Болот структурасы кадимки (бөлмөдөгү) температурада бекемдик касиети төмөн, бирок жумшак феррит ж-а катуулук, бекемдик касиети өтө жогору цементитит бөлүкчөлөрүнөн туруп, механикалык, оптикалык, электрдик, жылуулук өткөргүчтүк касиеттери жакшы материал болгондуктан машина курууда кеңири колдонулат. Болоттун механикалык касиеттерин жакшыртуу максатында термиялык же химия-термиялык иштетүүлөр колдонулат. Дайдаланылышына жараша курулуштук, аспаптык ж-а өзгөчө физикалык-химиялык касиеттеги болот деген класстарга бөлүнөт (к. ''Аспаптык болот''). Дат басуудан сактоо үчүн болоттун сырткы бети хром, цинк, коргошун ж.б. м-н жалатылат. Болот өндүрүшүнүн өлчөм-ченеми мамлекеттин техника-экономикалык өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:16, 20 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
БОЛОТ – темир менен көмүртекти, башка элементтерди (марганец, кремний, күкүрт, фосфор ж. б.) кошуп, эритип алынган элпек иштетилүүчү (деформациялануучу) куйма. Ал химиялык курамы боюнча көмүртектүү Болот, ал эми курамына көмүртектен тышкары хром, никель, молибден кошулса, легирленген болот болуп айырмаланат. Болот алуунун көп процесси бар (к. Болот эритүү). Болот өндүрүшүнүн негизги агрегаттары: конвертор, мартен меши, электр меши. Жогорку сапаттагы болотту алыш үчүн тазартылган эритмелер колдонулат. Химиялык түзүлүшүнө карай ал көмүртектүү жана маӊыздалган деп бөлүнөт. Маӊыздалган болоттун түзүлүшүнө маӊыздоочу элементтер (хром, никель, молибден, вольфрам, титан ж. б.) кирип, анын сапатын жогорулатат. Маӊыздоочу элементтер тамга жана сан менен белгиленет. Мисалы, 3х13 деген болоттун тутумунда 0,3% көмүртек, 13% хром; 2х17 Н2де 0,2 % көмүртек, 17% хром, 2% никель бар. Эгерде тамгадан кийин сан жок болсо, маңыздоочу элементтин тутуму 1,5 %тен ашпаган болот. Болот структурасы кадимки (бөлмөдөгү) температурада бекемдик касиети төмөн, бирок жумшак феррит ж-а катуулук, бекемдик касиети өтө жогору цементитит бөлүкчөлөрүнөн туруп, механикалык, оптикалык, электрдик, жылуулук өткөргүчтүк касиеттери жакшы материал болгондуктан машина курууда кеңири колдонулат. Болоттун механикалык касиеттерин жакшыртуу максатында термиялык же химия-термиялык иштетүүлөр колдонулат. Дайдаланылышына жараша курулуштук, аспаптык ж-а өзгөчө физикалык-химиялык касиеттеги болот деген класстарга бөлүнөт (к. Аспаптык болот). Дат басуудан сактоо үчүн болоттун сырткы бети хром, цинк, коргошун ж.б. м-н жалатылат. Болот өндүрүшүнүн өлчөм-ченеми мамлекеттин техника-экономикалык өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт.