АНТРАЦИТ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
imported>Kadyrm м (→top: категория кошуу) |
imported>Gulira No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АНТРАЦИТ''' (грекче anthrakitis – көмүрдүн бир түрү) – жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ''ккал/кг'' жылуулук чыгарат. Курамында 93,5–97% көмүртек бар, андан көп болсо ''' | '''АНТРАЦИТ''' (грекче anthrakitis – көмүрдүн бир түрү) – жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ''ккал/кг'' жылуулук чыгарат. Курамында 93,5–97% көмүртек бар, андан көп болсо '''с у п е р а н т р а ц и т''' деп аталат. Жаратылышта антрацит ар кандай калыңдыктагы (40 ''мге'' чейин) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%не жакынын антрацит түзөт (к. ''Көмүр кендери).'' Антрациттин кени Кыргызстанда Өзгөн бассейининде бар. Антроцит негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат. | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
04:52, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
АНТРАЦИТ (грекче anthrakitis – көмүрдүн бир түрү) – жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ккал/кг жылуулук чыгарат. Курамында 93,5–97% көмүртек бар, андан көп болсо с у п е р а н т р а ц и т деп аталат. Жаратылышта антрацит ар кандай калыңдыктагы (40 мге чейин) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%не жакынын антрацит түзөт (к. Көмүр кендери). Антрациттин кени Кыргызстанда Өзгөн бассейининде бар. Антроцит негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат.