АНИЗОТРОПИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
imported>Gulira
мNo edit summary

(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АНИЗОТРОПИЯ''' (гр. ''anisos'' – барабар эмес ж-а ''tropos'' -багыт) – чөйрөнүн физ. (мех., оптикалык, магниттик, электрдик ж. б.) касиеттеринин ар түрдүү багыттар б-ча бирдей эместиги. 1669-ж. ачылган. Бардык кристаллдар А. касиетине ээ. А. чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физ. касиетинин А-сы алардын симметриясына байланыштуу ж-а канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, А. ошончолук күчтүү болот. Мис., жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал ж-а тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты б-ча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5-10 1,5-108 ''Н/м2;'' ал эми куб диагоналынын багыты б-ча чою аткарылса бышыктык чек – 3,5-10108Н/ж2ка барабар. А. серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук ж-а электр өткөрүү, катуу нерсенин үн ж-а жарык таратуусунда, о. эле жутуусунда байкалат.
'''АНИЗОТРОПИЯ''' (гр. ''anisos'' – барабар эмес жана ''tropos'' -багыт) – чөйрөнүн физикалык  (механикалык, оптикалык, магниттик, электрдик жана  башка) касиеттеринин ар түрдүү багыттар боюнча бирдей эместиги. 1669-жылы ачылган. Бардык кристаллдар анизотропия касиетине ээ. Анизотропия чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физикалык  касиетинин анизотропиясы алардын симметриясына байланыштуу жана канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, анизотропия ошончолук күчтүү болот. Мисалы, жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал жана тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты боюнча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5ᐧ108 ''Н/м2;'' ал эми куб диагоналынын багыты боюнча аткарылса бышыктык чек – 3,5ᐧ108Н/м2ка барабар. Анизотропия серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук жана электр өткөрүү, катуу нерсенин үн жана жарык таратуусунда, ошондой эле жутуусунда байкалат.
[[Категория:1-Том]]

08:16, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АНИЗОТРОПИЯ (гр. anisos – барабар эмес жана tropos -багыт) – чөйрөнүн физикалык (механикалык, оптикалык, магниттик, электрдик жана башка) касиеттеринин ар түрдүү багыттар боюнча бирдей эместиги. 1669-жылы ачылган. Бардык кристаллдар анизотропия касиетине ээ. Анизотропия чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын түзүлүшүнө байланышкан. Кристаллдын физикалык касиетинин анизотропиясы алардын симметриясына байланыштуу жана канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, анизотропия ошончолук күчтүү болот. Мисалы, жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал жана тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты боюнча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5ᐧ108 Н/м2; ал эми куб диагоналынын багыты боюнча аткарылса бышыктык чек – 3,5ᐧ108Н/м2ка барабар. Анизотропия серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук жана электр өткөрүү, катуу нерсенин үн жана жарык таратуусунда, ошондой эле жутуусунда байкалат.