ВЕСТ-ИНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(5 intermediate revisions by 4 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ВЕСТ-&#769;ИНДИЯ''' (West Indies – Батыш Индия) – Атлантика океанында, Түн. ж-а Түш. Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоӊ ж-а Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эӊ ириси – Куба а. Жалпы аянты 240 миӊ ''км''<sup>2</sup>дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийикт. 3175 ''м''ге чейин (Гаити а-нда). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөӊ бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги ж-а өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад а-нда), фосфорит (Аруба ж-а Кюрасао а-нда) кендери бар. Ойдуӊдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл ж-а жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 42 млндон ашык (2009). В.-И-нын аралдарында Антигуа ж-а Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминикан Респ., Куба, Сент-Винсент ж-а Гренадины, Сент-Китс ж-а Невис, Сент-Люсия, Тринидад ж-а Тобаго, Ямайка мамлекеттери, о. эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. В.-И. аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деӊиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492–1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деӊиз жолун ачканга чейин (16-к-дын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаӊылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн В.-И. деп аталган.
'''ВЕСТ-И&#769;НДИЯ ''' (West Indies – Батыш Индия) – Атлантика океанында, Түндүк жана Түштүк Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоӊ жана Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эӊ ириси – Куба аралы. Жалпы аянты 240 миӊ ''км''<sup>2</sup>дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийиктиги 3175 ''м''ге чейин (Гаити аралында). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөӊ бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги жана өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад аралында), фосфорит (Аруба жана Кюрасао аралында) кендери бар. Ойдуӊдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл жана жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 42 млндон ашык (2009). Вест-Индиянын аралдарында Антигуа жана Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминикан Республикасы, Куба, Сент-Винсент жана Гренадины, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Тринидад жана Тобаго, Ямайка мамлекеттери, ошондой эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. Вест-Индия аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деӊиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492–1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деӊиз жолун ачканга чейин (16-кылымдын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаӊылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн Вест-Индия деп аталган.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:44, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы

ВЕСТ-И́НДИЯ (West Indies – Батыш Индия) – Атлантика океанында, Түндүк жана Түштүк Америка материктеринин аралыгында жайгашкан аралдардын жалпы аты. Ага Багама, Чоӊ жана Кичи Антил, Тринидад, Тобаго ж. б. аралдар кирет; эӊ ириси – Куба аралы. Жалпы аянты 240 миӊ км2дей. Өтө тилмеленген тоолуу рельеф басымдуу. Тоолорунун бийиктиги 3175 мге чейин (Гаити аралында). Катуу жер титирөөлөр (Кубанын түзөӊ бөлүгүнөн башка) болуп турат, аракеттеги жана өчкөн жанар тоолор көп (Суфриер, Монталь-Пеле ж. б.). Марганец кенташ, хромит, курамында никель бар темир кенташ, табигый асфальт (Тринидад аралында), фосфорит (Аруба жана Кюрасао аралында) кендери бар. Ойдуӊдарга негизинен маданий өсүмдүктөр, тоолорго дайыма жашыл жана жайында көгөрүүчү токой (көбү кыйылган), саванна мүнөздүү. Калкы 42 млндон ашык (2009). Вест-Индиянын аралдарында Антигуа жана Барбуда, Аруба, Багама Аралдары, Барбадос, Гаити, Гренада, Доминика, Доминикан Республикасы, Куба, Сент-Винсент жана Гренадины, Сент-Китс жана Невис, Сент-Люсия, Тринидад жана Тобаго, Ямайка мамлекеттери, ошондой эле АКШнын, Улуу Британиянын, Нидерланддын, Франциянын ээликтери жайгашкан. Вест-Индия аралдарын Х. Колумб Индияга баруучу кыска деӊиз жолун издөө үчүн жасаган саякатында (1492–1502) ачкан. Европалыктар чыныгы Индияга баруучу деӊиз жолун ачканга чейин (16-кылымдын башы) Азиянын бир бөлүгү деп жаӊылыш эсептелген. Кийинчерээк Индиядан (Ост-Индия) айырмалаш үчүн Вест-Индия деп аталган.