ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ ''' – айлана-чөйрөгө анализ жүргүзүүгө, алдын ала божомолдоого, о. эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаӊылоо ж-а мейкиндик б-ча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Г. м. с. 1993-ж. Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө ж-а табигый ресурстары б-ча Эл аралык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. БУУнун айлана-чөйрө б-ча программасынын негизинде Г. м. с-н «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Г. м. с-нын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу м-н маалыматтарды чогултуу ж-а алмашуу б-ча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук ж-а көзөмөлдүк документтер системасы м-н иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү ж-а ачыктыгы. Г. м. с-нын технологиясы методологияны, алгоритмдерди ж-а аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.
'''ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ ''' – айлана-чөйрөгө анализ жүргүзүүгө, алдын ала божомолдоого, ошондой эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаӊылоо жана мейкиндик боюнча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Геоэкологиялык маалымат системасы 1993-жылы Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча Эл аралык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. Бириккен улуттар уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын негизинде геоэкологиялык маалымат  системасынын «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Геоэкологиялык маалымат  системасын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен маалыматтарды чогултуу жана алмашуу боюнча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук жана көзөмөлдүк документтер системасы менен иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү жана ачыктыгы. Геоэкологиялык маалымат  системасынын технологиясы методологияны, алгоритмдерди жана аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.<br/>''Б. Үсөнканов.''
<br/>''Б. Үсөнканов.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

07:57, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЭКОЛОГИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ – айлана-чөйрөгө анализ жүргүзүүгө, алдын ала божомолдоого, ошондой эле башкаруу маселелерин чечүүгө багытталган аппараттык-программалык комплекс. Ал өзүнө маалымат чогултуу, топтоо, кайра иштеп чыгуу, жаӊылоо жана мейкиндик боюнча багытын аныктап жайылтуу иштерин камтыйт. Геоэкологиялык маалымат системасы 1993-жылы Россияда түзүлгөн. Келечекте айлана-чөйрө жана табигый ресурстары боюнча Эл аралык бирдиктүү маалымат системасын түзүү каралууда. Бириккен улуттар уюмунун айлана-чөйрө боюнча программасынын негизинде геоэкологиялык маалымат системасынын «Global Resourse Information Database» концепциясы түзүлгөн. Геоэкологиялык маалымат системасын түзүүнүн негизги концепцияларына төмөнкүлөр кирет: аймактын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен маалыматтарды чогултуу жана алмашуу боюнча бирдиктүү технологияны колдонуу; аппараттык-программалык каражаттарды бир түргө келтирүү; долбоорлук жана көзөмөлдүк документтер системасы менен иштелип чыккан маалымат жыйынтыктарынын шайкештиги, программалык каражаттардын вариобелдүүлүгү жана ачыктыгы. Геоэкологиялык маалымат системасынын технологиясы методологияны, алгоритмдерди жана аспаптык чөйрөнү (аппараттык программалык комплексти) камтыйт.
Б. Үсөнканов.