ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ ''' – кен издөө | '''ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ ''' – кен издөө жана чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физикалык ыкмалар менен изилдөө. Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуулук, ядролук нурлануусунун жана серпилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар кендин жайгашкан орду, геологиялык структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн колдонулат. Бул ыкмалар бир нече түргө бөлүнөт. Г р а в и м е т р и я л ы к ч а л г ы н д о о Жердин оордук күч талаасынын бөлүнүшүн аныктоого негизделген. М а г н и т т и к ч а л г ы н д о о Жердин табигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүн. Магниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоӊ болот. С е й с м д и к ч а л г ы н д о о д о жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геометриялык оптиканын мыйзамы боюнча кайра жердин үстүн көздөй чагылат. Серпилгич толкундардын жерге таралышы жана кайра чагылышы атайын аспаптардын жардамы менен аныкталат. Э л е к т р д и к ч а л г ы н д о о Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол менен пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Т о л к у н (радиотолкун) ы к м а л а р ы өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Толкун ыкмалары тоо тектердин, кен байлыктардын электр-магнит толкундарын өткөргүчтүүлүгүнө жана ал толкундардын кайра чагылышына негизделген. Р а д и о м е т р д и к ы к м а – радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт. Бул ыкмалар Кыргызстанда кеӊири колдонулуп, алардын жардамы менен көптөгөн кендер ачылган. Аталган ыкмалардан тышкары чалгындоо геология, геохимия, геотектоника, стратиграфия жана минералогия илимдери менен да тыгыз байланыштуу. 18-кылымда алгачкы жолу тажрыйбалык геологияда геофизикалык кен чалгындоо ыкмаларын колдонуу негиздүү экени М. В. Ломоносов. К. Гаусс, Ш. Кулон ж. б. тарабынан айтылган. 19-кылымдын аягында Л. фон. Этвли кен байлыктарды чалгындоо үчүн гравитациялык вариометрди ойлоп тапкан. 1906–16-жылдары туӊгуч ирет Д. В. Голубятник нефть көзөнөктөрүндө температуралык ченөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле жылдары Б. Б. Галицын электр-динамикалык сейсмографты конструкциялап ишке киргизген. | ||
<br/>Ад.: ''Соколов К. П''. Геофизические методы разведки. М., 1966; ''Хмелевской В. К.'' Геофизические методы | |||
<br />Ад.: ''Соколов К. П''. Геофизические методы разведки. М., 1966; ''Хмелевской В. К.'' Геофизические методы исследования земной коры. Дубна, 1997–1999. Кн. 1–2. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:47, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОФИЗИКАЛЫК КЕН ЧАЛГЫНДОО ЫКМАЛАРЫ – кен издөө жана чалгындоо максатында жер кыртышынын түзүлүшүн физикалык ыкмалар менен изилдөө. Алар Жердин гравитация, магнит, электр талааларын, жылуулук, ядролук нурлануусунун жана серпилгич толкундун таралуусун изилдөөгө негизделген. Алынган маалыматтар кендин жайгашкан орду, геологиялык структурасы ж. б. мүнөздөмөлөрүн аныктоо үчүн колдонулат. Бул ыкмалар бир нече түргө бөлүнөт. Г р а в и м е т р и я л ы к ч а л г ы н д о о Жердин оордук күч талаасынын бөлүнүшүн аныктоого негизделген. М а г н и т т и к ч а л г ы н д о о Жердин табигый магнит талаасын изилдейт. Жердин кайсы чекитинде болбосун, магнит күчүн байкоого мүмкүн. Магниттик күчтүн нормалдуу шарттан кыйшаюусу өзгөчө темир аралашмасы бар тоо тектерде өтө чоӊ болот. С е й с м д и к ч а л г ы н д о о д о жарылуучу заттар (тротил ж. б.) колдонулуп, серпилгич толкун талаасы изилденет. Серпилгич толкундар тоо тектердин төмөнкү катмарларына жетип, геометриялык оптиканын мыйзамы боюнча кайра жердин үстүн көздөй чагылат. Серпилгич толкундардын жерге таралышы жана кайра чагылышы атайын аспаптардын жардамы менен аныкталат. Э л е к т р д и к ч а л г ы н д о о Жердеги табигый электр тогунун же жасалма жол менен пайда болгон электр тогунун талаасын аныктоонун негизинде жүргүзүлөт. Т о л к у н (радиотолкун) ы к м а л а р ы өтө ылдам өзгөрүлүүчү электр магнит талааларынын жардамы менен жүргүзүлөт. Толкун ыкмалары тоо тектердин, кен байлыктардын электр-магнит толкундарын өткөргүчтүүлүгүнө жана ал толкундардын кайра чагылышына негизделген. Р а д и о м е т р д и к ы к м а – радиоактивдүү заттардын таасиринен газдардын иондошуу кубулушун изилдейт. Бул ыкмалар Кыргызстанда кеӊири колдонулуп, алардын жардамы менен көптөгөн кендер ачылган. Аталган ыкмалардан тышкары чалгындоо геология, геохимия, геотектоника, стратиграфия жана минералогия илимдери менен да тыгыз байланыштуу. 18-кылымда алгачкы жолу тажрыйбалык геологияда геофизикалык кен чалгындоо ыкмаларын колдонуу негиздүү экени М. В. Ломоносов. К. Гаусс, Ш. Кулон ж. б. тарабынан айтылган. 19-кылымдын аягында Л. фон. Этвли кен байлыктарды чалгындоо үчүн гравитациялык вариометрди ойлоп тапкан. 1906–16-жылдары туӊгуч ирет Д. В. Голубятник нефть көзөнөктөрүндө температуралык ченөөлөрдү жүргүзгөн. Ошол эле жылдары Б. Б. Галицын электр-динамикалык сейсмографты конструкциялап ишке киргизген.
Ад.: Соколов К. П. Геофизические методы разведки. М., 1966; Хмелевской В. К. Геофизические методы исследования земной коры. Дубна, 1997–1999. Кн. 1–2.