ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР ''' – тирүү организмдердин, | '''ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР ''' – тирүү организмдердин, анын ичинен адамзаттын тиричилиги үчүн ыӊгайсыз жерлер. Геопатогендүү зоналарды аныктоо акыркы жылдары гана жандана баштады. Бирок, айрым маалыматтар боюнча байыркы адамдар курулуш иштери үчүн жерлерди кылдаттык менен алдын ала изилдешкен. Азыркы кезде геопатогендүү зоналардын пайда болушу реалдуу геофизикалык кубулуштарга (геомагниттик талаа, радиациянын деӊгээлинин жогорулашы ж. б.) байланыштуу. Алар адатта асты көӊдөй, тереӊдиктеги жаракалар өткөн жана жер астындагы суулар аккан жерлерде, сайларда пайда болот. Алардын натыйжалары имараттардын деформацияланышынан жана урашынан, чөгүшүнөн, жолдордун жана коммуникациялардын локалдык деӊгээлде бузулушунан адамдар менен жаныбарлар үчүн туруктуу патологиялык очоктордун түзүлүшүнөн ж. б. жагдайлардан байкалат. Геопатогендүү зоналардагы нурлануудан адамда нерв түйүндөрүнүн бузулушу, инсульт, инфаркт, онкологиялык ж. б. оорулардын пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан геопатогендүү зоналар байкалган жерлерде курулуш иштерин жүргүзүү алдында биолокация боюнча адистерге кайрылуу зарыл. <br/>''Б. Үсөнканов.'' | ||
<br/>''Б. Үсөнканов.'' | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:44, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОПАТОГЕНДҮҮ ЗОНАЛАР – тирүү организмдердин, анын ичинен адамзаттын тиричилиги үчүн ыӊгайсыз жерлер. Геопатогендүү зоналарды аныктоо акыркы жылдары гана жандана баштады. Бирок, айрым маалыматтар боюнча байыркы адамдар курулуш иштери үчүн жерлерди кылдаттык менен алдын ала изилдешкен. Азыркы кезде геопатогендүү зоналардын пайда болушу реалдуу геофизикалык кубулуштарга (геомагниттик талаа, радиациянын деӊгээлинин жогорулашы ж. б.) байланыштуу. Алар адатта асты көӊдөй, тереӊдиктеги жаракалар өткөн жана жер астындагы суулар аккан жерлерде, сайларда пайда болот. Алардын натыйжалары имараттардын деформацияланышынан жана урашынан, чөгүшүнөн, жолдордун жана коммуникациялардын локалдык деӊгээлде бузулушунан адамдар менен жаныбарлар үчүн туруктуу патологиялык очоктордун түзүлүшүнөн ж. б. жагдайлардан байкалат. Геопатогендүү зоналардагы нурлануудан адамда нерв түйүндөрүнүн бузулушу, инсульт, инфаркт, онкологиялык ж. б. оорулардын пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан геопатогендүү зоналар байкалган жерлерде курулуш иштерин жүргүзүү алдында биолокация боюнча адистерге кайрылуу зарыл.
Б. Үсөнканов.