ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ: нускалардын айырмасы
vol2_>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ ''' – рельефтин жер бетинин тилмеленүү | '''ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ ''' – рельефтин жер бетинин тилмеленүү жана түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-жылы америкалык окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Геоморфологиялык цикл рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Геоморфологиялык цикл ''Пенеплен'' түшүнүгү менен тыгыз байланышта; мисалы, азыркы накта пенеплен – Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереӊдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы – климаттык жана гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуӊдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаӊ рельеф») башталат; ага мисал – Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу жана шилениши жаӊы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Геоморфологиялык цикл пенеплендешүүдөн башталып, жаӊы пенеплен менен бүтөт. Геоморфологиялык циклдин орто узактыгы – ондогон млн жыл. Теӊир Тоодо геоморфологиялык цикл бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо жана мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этек тоо, супа тоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуӊдарда байыркы пенеплен тереӊ (5–6 ''км''ге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган. | ||
<br/>Ад.: ''Дэвис В. М.'' Геоморфологические очерки. М., 1962; ''Ананьев Г. С., Леонтьев О. К.'' Геоморфология | |||
<br/>материков и океанов. М., 1987; ''Щукин И. С.'' Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. ''С. Ахмедов.'' | <br />Ад.: ''Дэвис В. М.'' Геоморфологические очерки. М., 1962; ''Ананьев Г. С., Леонтьев О. К.'' Геоморфология<br />материков и океанов. М., 1987; ''Щукин И. С.'' Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. ''С. Ахмедов.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
04:40, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы
ГЕОМОРФОЛОГИЯЛЫК ЦИКЛ – рельефтин жер бетинин тилмеленүү жана түздөлүү доорлорун камтыган өнүгүү этаптары. Терминди алгач 1950-жылы америкалык окумуштуу У. М. Дейвис сунуштаган. Геоморфологиялык цикл рельефтин өнүгүү стадияларынан турат. Ал тоолордун көтөрүлүүсүнөн баштап, толук талкаланышына чейинки мезгилди («жаш», «жетилген», «байыркы») камтыйт. Геоморфологиялык цикл Пенеплен түшүнүгү менен тыгыз байланышта; мисалы, азыркы накта пенеплен – Казак Сары-Аркасы. Рельефтин жаш мезгили Жердин ички күчтөрүнүн таасири астында түздүктөрдүн көтөрүлүүсүнөн башталат. Көтөрүлүү учурунда пенеплен бузулуп, дарыя өрөөндөрү тереӊдеп, тектирлерди пайда кылат. Тоо системасы толук көтөрүлүп, калыптангандан кийин, сырткы – климаттык жана гравитациялык күчтөрдүн таасиринен кайра талкаланууга дуушар болот. Талкалануу продуктулары ойдуӊдарга топтолот же тоо системасынан сыртка шиленип кетет; натыйжада рельефтин бузулуу стадиясы («картаӊ рельеф») башталат; ага мисал – Урал тоолору. Тоо системаларынын талкалануусу жана шилениши жаӊы пенеплен түзүлгөнгө чейин созулат. Геоморфологиялык цикл пенеплендешүүдөн башталып, жаӊы пенеплен менен бүтөт. Геоморфологиялык циклдин орто узактыгы – ондогон млн жыл. Теӊир Тоодо геоморфологиялык цикл бир нече жолу болуп өткөн. Кырка тоолордо байыркы (палеозойдо жана мезозойдо пайда болгон) пенеплендердин калдыктары этек тоо, супа тоо сымал түрдүү бийиктиктерде кездешет. Ал эми ойдуӊдарда байыркы пенеплен тереӊ (5–6 кмге) чөгүп, үстүн талкаланды тектер жаап калган.
Ад.: Дэвис В. М. Геоморфологические очерки. М., 1962; Ананьев Г. С., Леонтьев О. К. Геоморфология
материков и океанов. М., 1987; Щукин И. С. Геоморфология Средней Азии. М., 1983; География Земли. М., 2000. С. Ахмедов.