ГЕОЛОГИЯЛЫК КАРТА ТҮЗҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(2 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ, ''' г е о л о г и я л ы к с ъ ё м к а – геол. карталарды түзүү ж-а кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геол. изилдөө жумуштары. Г. к. т-дө кезеги м-н төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде д а я р д ы к к ө р ү ү – мурдагы геол. маалыматтар м-н таанышуу ж-а керек материалдарды (топогр. карта, аэрофотосүрөт ж. б.) даярдоо; т а л а а ж у м у ш т а р ы – жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы м-н түзүлүшү, калыӊдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топогр. картага түшүрүү, аны м-н бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын ж-а ташка айланган байыркы жандык м-н өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу – талаада чогултулган геол. материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабор. ар түрдүү анализден өткөрүү, геол. картаны толуктап, анын тиркемелерин ж-а кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геол. изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Г. к. т. масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000–1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000–1:25 000) ж-а дыкат болуп бөлүнөт. Г. к. т-дө геофизика, геохимия, геоморфология илимдеринин ыкмалары ж-а бургулоо жумуштары, о. эле лабор. анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеӊири колдонулат.
'''ГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ, ''' г е о л о г и я л ы к с ъ ё м к а – геологиялык карталарды түзүү жана кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геологиялык изилдөө жумуштары. Геологиялык карта түзүүдө кезеги менен төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде д а я р д ы к к ө р ү ү – мурдагы геологиялык маалыматтар менен таанышуу жана керек материалдарды (топографиялык карта, аэрофотосүрөт ж. б.) даярдоо; т а л а а ж у м у ш т а р ы – жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы менен түзүлүшү, калыӊдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топографиялык картага түшүрүү, аны менен бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын жана ташка айланган байыркы жандык менен өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу – талаада чогултулган геологиялык материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабораториялык ар түрдүү анализден өткөрүү, геологиялык картаны толуктап, анын тиркемелерин жана кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геологиялык изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Геологиялык карта түзүү масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000–1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000–1:25 000) жана дыкат болуп бөлүнөт. Геологиялык карта түзүүдө геофизика, геохимия, геоморфология илимдеринин ыкмалары жана бургулоо жумуштары, ошондой эле лабораториялык анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеӊири колдонулат.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

03:47, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОЛОГИЯЛЫК КА́РТА ТҮЗҮҮ, г е о л о г и я л ы к с ъ ё м к а – геологиялык карталарды түзүү жана кен байлыктарды табуу максатында жүргүзүлүүчү геологиялык изилдөө жумуштары. Геологиялык карта түзүүдө кезеги менен төмөнкүдөй жумуштар аткарылат. Адегенде д а я р д ы к к ө р ү ү – мурдагы геологиялык маалыматтар менен таанышуу жана керек материалдарды (топографиялык карта, аэрофотосүрөт ж. б.) даярдоо; т а л а а ж у м у ш т а р ы – жер бетиндеги тоо тектер жаткан жеринде тикелей же ар кандай казындылардын жардамы менен түзүлүшү, калыӊдыгы, курамы ж. б. изилденип, алардын таралуу чектерин топографиялык картага түшүрүү, аны менен бирге түрдүү тоо тектердин, минералдардын жана ташка айланган байыркы жандык менен өсүмдүк калдыктарынын үлгүлөрүн жыйнап, кендерден сынамык алуу; калаа (камералдык) иштерин аткаруу – талаада чогултулган геологиялык материалдарды жыйынтыктоо, сынамыктарды лабораториялык ар түрдүү анализден өткөрүү, геологиялык картаны толуктап, анын тиркемелерин жана кошумча карталарын түзүү, түшүндүрмө жазуу. Геологиялык изилдөөлөрдүн тактыгы жүргүзүлгөн Геологиялык карта түзүү масштабына жараша чакан (1:1000 000, 1:500 000), орто (1:200 000–1:100 000), ири масштабдагы (1:50 000–1:25 000) жана дыкат болуп бөлүнөт. Геологиялык карта түзүүдө геофизика, геохимия, геоморфология илимдеринин ыкмалары жана бургулоо жумуштары, ошондой эле лабораториялык анализ, аэросүрөттөрдү талдоо ж. б. кеӊири колдонулат.