ВЕРТИКОВ: нускалардын айырмасы
2-tom>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| (7 intermediate revisions by 5 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''ВЕ́РТИКОВ ''' '''Алексей Георгиевич''' [03. 03. 1922, [[РСФСР]], Орлов губерниясы, Ливен уезди, Гниловод кыштагы (азыркы [[Россия Федерациясы]], Липецк облусу, Измалков району, Гниловод айлы) – 01. 04.1980, [[Кыргыз ССРи]], [[Москва району]], Полтавка айылы (азыркы [[Чүй облусу]], Москва району, [[Беловодск]] айылы] – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашап, өзү булгаары заводунда иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, [[Алматы]] шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөндөн кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан [[Улуу Ата Мекендик согуш]]ка катышып, Борбордук, Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 ''мм'' мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыштактары үчүн болгон салгылашууларда Вертиковдун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон. <br/> | ||
[[File:ВЕРТИКОВ114.png | thumb | none]]1944-жылдын 27-июлунда [[Польша]]нын Владава шаарын бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт жана душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо менен 3-даражадагы Даңк ордени (№ 123359), 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда А. Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун жана душмандын 20дай солдаты менен офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени (№ 11293), 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда Вертиковдун түз ок менен атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени (№ 3139) менен сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан [[Германия]]нын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, [[Кыргызстан]]га кайтып келген. [[Кара-Балта]] шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган. | |||
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025. | |||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
03:54, 3 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
ВЕ́РТИКОВ Алексей Георгиевич [03. 03. 1922, РСФСР, Орлов губерниясы, Ливен уезди, Гниловод кыштагы (азыркы Россия Федерациясы, Липецк облусу, Измалков району, Гниловод айлы) – 01. 04.1980, Кыргыз ССРи, Москва району, Полтавка айылы (азыркы Чүй облусу, Москва району, Беловодск айылы] – Даӊк орденинин толук кавалери. 1939-жылы ата-энеси менен бирге Кыргызстанга көчүп келип, Беловодское айылында жашап, өзү булгаары заводунда иштеген. Советтик Армиянын катарына 1942-жылы чакырылып, Алматы шаарындагы жаш жоокерлердин курсун бүтүргөндөн кийин кенже командирлердин артиллериялык мектебинде окуган. 1942-жылдын декабрынан Улуу Ата Мекендик согушка катышып, Борбордук, Брянск жана 1-Белорус фронтторунда салгылашкан. 1944-жылдын башында 4-гвардиялык атчандар дивизиясынын 11-гвардиялык Кызыл Туулуу атчандар полкунун 45 мм мылтыктын экипажын башкарган. 1944-жылдын январь айынын аягында Остражанка жана Качуры кыштактары үчүн болгон салгылашууларда Вертиковдун отряды 2 миномётту, ок-дары менен 3 вагонду, ашкананы жана 20дай душманды замбирек менен жок кылып, Кызыл Жылдыз орденине ээ болгон.

1944-жылдын 27-июлунда Польшанын Владава шаарын бошотууда өз экипажы менен 3 пулемёт жана душмандын 10дон ашык солдатын жарактан чыгарып, аткычтар бөлүктөрүнүн ийгиликтүү алга жылышын камсыздоо менен 3-даражадагы Даңк ордени (№ 123359), 1945-жылдын 27-январында Залесично жериндеги салгылашууда А. Вертиковдун гвардиясынын экипажы контр чабуулдун мизин кайтарып жатып, 5 атуу пунктун жана душмандын 20дай солдаты менен офицерин жок кылгандыгы үчүн 2-даражадагы Даңк ордени (№ 11293), 1945-жылдын 30-апрелинде Эркнер шаарын алуудагы салгылашууда Вертиковдун түз ок менен атуудагы эрдиги үчүн 1946-жылдын 15-майында 1-даражадагы Даңк ордени (№ 3139) менен сыйланган. Ал Жеңиш майрамын Балтика деңизинин жээгинде жайгашкан Германиянын Штральзунд шаарында тосуп алган. 1947-жылы демобилизацияланып, Кыргызстанга кайтып келген. Кара-Балта шаарында, андан кийин Москва районунун Полтавка айылында жашаган.
Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.