ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol2_>KadyrM
No edit summary
 
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) ''' – геогр. маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо ж-а жайылтуу б-ча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, о. эле экол. мониторинг, экспедициялардын материалдарын ж. б-ларды бириктирип, камтыйт. ГМС – көптөгөн геогр. маалыматтардын узак убакыттагы эвол. өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик ж-а тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик ж-а региондук библиогр. көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый ж-а социалдык-экон. процесстердин абалы ж-дө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган ГМСке өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, о. эле статистикалык отчёт системасы м-н жүзөгө ашат. Көп учурда ГМСке образдардын чечилишин аныктоо ж-а таануу б-ча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл ЭЭМдин эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык ж-а универсалдык геогр. маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы ГМС Канада, Швеция ж-а Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү ж-а токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда ГМСтин саны (дүйнө жүзү б-ча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү б-ча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык ГМС болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы б-ча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экол. (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. ГМС анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мис., чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо б-ча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. ГМСте маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги матем. ж-а картографиялык ыкмаларды колдонгон геогр. моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график ж-а карта түрүндө берилет.
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) ''' – географиялык маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо жана жайылтуу боюнча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, ошондой эле экологиялык мониторинг, экспедициялардын материалдарын жана башкаларды бириктирип, камтыйт. Географиялык маалымат системасы – көптөгөн географиялык маалыматтардын узак убакыттагы эвололюциялык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик жана тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик жана региондук библиографиялык көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый жана социалдык-экономикалык процесстердин абалы жөнүндө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган Географиялык маалымат системасына өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, ошондой эле статистикалык отчёт системасы менен жүзөгө ашат. Көп учурда географиялык маалымат системасына образдардын чечилишин аныктоо жана таануу боюнча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл электрондук эсептөө машинасынын эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык жана универсалдык географиялык маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы географиялык маалымат системасы Канада, Швеция жана Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда географиялык маалымат системасынын саны (дүйнө жүзү боюнча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү боюнча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык географиялык маалымат системасы болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы боюнча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экологиялык (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. Географиялык маалымат системасы анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мисалы, чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. Географиялык маалымат системасына маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги математикалык жана картографиялык ыкмаларды колдонгон географиялык моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график жана карта түрүндө берилет.
<br/>Ад.: ''Берлент А. М.'' Геоинформационное картографирование. М., 1997; ''его же.'' Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006.  
 
<br/>''О. Топбаев.''
<br />Ад.: ''Берлент А. М.'' Геоинформационное картографирование. М., 1997; ''его же.'' Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006. <br />''О. Топбаев.''
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

04:22, 9 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК МААЛЫМАТ СИСТЕМАСЫ (ГМС) – географиялык маалыматты алуу, сактоо, кайра иштетүү, топтоо жана жайылтуу боюнча өз ара байланышкан каражаттар комплекси. Ал картографиялык, гидрометеорологиялык, статистикалык, дистанциялык зонд маалыматтарын, ошондой эле экологиялык мониторинг, экспедициялардын материалдарын жана башкаларды бириктирип, камтыйт. Географиялык маалымат системасы – көптөгөн географиялык маалыматтардын узак убакыттагы эвололюциялык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы. Алардын көбү (өлкө таануу, маалымат наамалар, комплекстик жана тармактык атластар, реферат журналдар, предметтик жана региондук библиографиялык көрсөткүчтөр ж. б.) азыр да колдонулууда. Бүгүнкү күндө бат өзгөрүүгө дуушар болгон табигый жана социалдык-экономикалык процесстердин абалы жөнүндө маалыматты тез арада алуу зарылдыгы автоматташтырылган Географиялык маалымат системасына өтүүгө мажбурлады. Керектүү маалыматты алуу визуалдык, аспаптык, контакттык же аралыктан байкоо ыкмалары, ошондой эле статистикалык отчёт системасы менен жүзөгө ашат. Көп учурда географиялык маалымат системасына образдардын чечилишин аныктоо жана таануу боюнча автоматтык каражаттар киргизилет. Өзгөчө көӊүл электрондук эсептөө машинасынын эсине сактоо түзүлүштөрүн (компьютер, интернет түйүнү ж. б.) колдонуу аркылуу тармактык жана универсалдык географиялык маалыматты топтоо банкын түзүүгө бурулат. Алгачкы географиялык маалымат системасы Канада, Швеция жана Финляндияда 1960–70-жылдары жер иштетүүнү жана токой ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн түзүлгөн. Азыркы учурда географиялык маалымат системасынын саны (дүйнө жүзү боюнча) миӊдеп саналууда. Белгилүүлөрү: ArcINFO, INTRGRAPH, MapINFO, Atlas GIS. WinGIS (АКШ), Geograph (Россия) ж. б. Аймактын бөлүнүшү боюнча глобалдык, улуттук, региондук, муниципалдык, локалдык географиялык маалымат системасы болуп бөлүнөт. Ал эми тематикасы боюнча жер маалымат системасы (ЖМС), кадастрдык (КМС), экологиялык (ЭМС), автоматташтырылган картографиялык (АМС), билим алуучулук, деӊиз ж. б. Географиялык маалымат системасы анализдик, тематикалык карталардын жаӊы типтерин түзө алат. Алар башкаруу иштеринде чечимдерди кабыл алуу үчүн колдонулат. Мисалы, чөйрөнүн индустриялык булгануусун баалоо, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча чараларды иштеп чыгуу, аймактын системалык өнүгүү программасын түзүү, ишканаларга мониторинг жүргүзүү ж. б. Географиялык маалымат системасына маалыматты кайра иштетүү ЭЭМдеги математикалык жана картографиялык ыкмаларды колдонгон географиялык моделдердин негизинде жүрөт. Маалымат сан, текст, график жана карта түрүндө берилет.


Ад.: Берлент А. М. Геоинформационное картографирование. М., 1997; его же. Географическая информационная система. //Большая российская энциклопедия. Т. 6, М., 2006.
О. Топбаев.