ГЕОГРАФИЯЛЫК АТЛАС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС ''' – жалпы программа б-ча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган геогр. карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-к.) геогр. карталар жыйнагы кийинки Г. а-тардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда б-ча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-ж. картограф Меркатор колдонгон. 16-к-дын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-к-да атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-ж. С. Ремезов 1-орус геогр. атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-к-да атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин ИАларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-к-да тематикалык атластар пайда боло баштайт. Г. а-тын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн ж-а облустардын атластары; мазмуну б-ча – жалпы геогр. карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мис., климаттык, геол., Дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мис., Дүйнөлүк океандын климаты м-н океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – ил.-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен сов. атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физ.- геогр. атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экон. атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, мад-тын, табиятын чагылдырган ж-а тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) м-н мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары ил. практикалык ж-а жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кырг-ндын алгачкы атласы 1987-ж. жарык көргөн.
'''ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС ''' – жалпы программа боюнча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган географиялык карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-кылым) географиялык  карталар жыйнагы кийинки географиялык атластардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда боюнча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-жылы картограф Меркатор колдонгон. 16-кылымдын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-кылымда атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-жылы С. Ремезов 1-орус географиялык атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-кылымда атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин илимдер академияларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-кылымда тематикалык атластар пайда боло баштайт. Географиялык атластын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн жана облустардын атластары; мазмуну боюнча – жалпы географиялык карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мисалы, климаттык, геологиялык, дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мисалы, дүйнөлүк океандын климаты менен океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – илимий-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен советтик атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физикалык- географиялык атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, маданиятын, табиятын чагылдырган жана тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) менен мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары илимий практикалык жана жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кыргызстандын алгачкы атласы 1987-жылы жарык көргөн.
<br/>Ад.: ''Салищев К. А.'' Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; ''Цветников М. А.'' Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; ''Эдельштейн А. В''. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.
 
<br />Ад.: ''Салищев К. А.'' Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; ''Цветников М. А.'' Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; ''Эдельштейн А. В''. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.
[[Category: 2-том]]
[[Category: 2-том]]

05:22, 2 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 -га соңку нускасы

ГЕОГРАФИЯЛЫК А́ТЛАС – жалпы программа боюнча бир бүтүн чыгарма катары аткарылган географиялык карталардын системалуу жыйындысы. Байыркы грек окумуштуусу Клавдий Птолемейдин (2-кылым) географиялык карталар жыйнагы кийинки географиялык атластардын түзүлүшүнө негиз болгон. «Атлас» деген атты (легенда боюнча асман глобусун биринчи болуп жасаган Ливиянын мифтик королу Атластын ысмынан) 1-жолу 1592-жылы картограф Меркатор колдонгон. 16-кылымдын аягында атайын даярдалган алгачкы атластар басылып чыга баштайт. Алардын ичинен Л. Вагенардын деӊиз навигация карталарынын 2 томдук жыйнагы (1584–85) белгилүү. 17-кылымда атластар көбүнчө Голландияда даярдала баштайт. 1701-жылы С. Ремезов 1-орус географиялык атласы – «Сибирдин чийме китебин» түзөт. 18-кылымда атлас түзүү Париж, Петербург, Берлин илимдер академияларында көрүнүктүү орунду ээлеген. 19-кылымда тематикалык атластар пайда боло баштайт. Географиялык атластын төмөнкүдөй түрлөрү бар: камтыган аймагына карата – дүйнө жүзүнүн, айрым өлкөлөрдүн жана облустардын атластары; мазмуну боюнча – жалпы географиялык карталардын атласы, тематикалык карталардын тармактык атластары (мисалы, климаттык, геологиялык, дүйнөлүк океандын); көптөгөн өз ара байланышкан кубулуштардын (мисалы, дүйнөлүк океандын климаты менен океанографиясынын) же көрсөтүлгөн аймакка толук мүнөздөмө берүүчү комплекстүү атластар; арналган максатына карай – илимий-маалымат наама, край таануу, окуу, туристтик, жол катнашы ж. б. атластар. Дүйнөлүк атластардын ичинен советтик атластар айрыкча баалуу: Дүйнө жүзүнүн атласы (1954, 1967, 1999); Дүйнө жүзүнүн физикалык- географиялык атласы (1964); Деӊиз атласы (4 томдук, 1950–63); Дүйнө элдеринин атласы (1964); Антарктика атласы (1966–69) ж. б. Башка өлкөлөрдө түзүлгөн атластардан Дүйнө жүзүнүн оксфорд экономикалык атласы (1965) көрүнүктүү орунда. Көп өлкөлөр өз калкын, экономикасын, маданиятын, табиятын чагылдырган жана тармактык атластар түзгөн. Өзгөчө мааниге СССРдин климаттык атласы (1960–63), эл аралык дүйнө атласы (2003) менен мамлекеттердин, крайлардын, облустардын атластары илимий практикалык жана жалпы маалымат алууга өтө пайдалуу түзүлгөн. Кыргызстандын алгачкы атласы 1987-жылы жарык көргөн.


Ад.: Салищев К. А. Географические атласы //Итоги науки. Картография. В 1–3; М., 1966; Цветников М. А. Лесные карты и методика их составления. М.; Л., 1950; Эдельштейн А. В. Как создаётся карта. М., 1978; Атлас Киргизской ССР. Т. 1. М., 1987; Атлас Мира. М., 2003.