АК ҮЙЛҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Temirkan
No edit summary
No edit summary
 
(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АК ҮЙЛҮҮ''' ‒  1) байыркы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> орто кылымдарда көчмөн элдерде урууну, элди баш ийдирип кармап туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимдин кепили катары тектүү адамдардын балдарын барымтага кармоо. Бул саясий-диплломатиялык  ыкманы кытай династиялары да пайдаланышкан. Көчмөн элдерде барымтага кармалгандар (же берилгендер) хан сарайына жакын жердеги ак боз үйлөрдө сыйлуу туткун денгээлинде, көзөмөл алдында турушкан. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай эзелки барымта салты «Манас» эпосунда да чагылдырылган; 2) түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.<br>
'''АК ҮЙЛҮҮ''' ‒  1) байыркы <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган [[эреже]]-[[салт]]. «Ак» (арабча «хак» – чыныгы, анык) «үйлүү» деген сөз менен «чыныгы бүлө» деген маани берет. Айрым сөздүктөрдө «аманат» деген сөз менен маанилеш каралган учурлар кездешет. Бирок булар эки башка түшүнүк. Тигил же бул [[уруу]] же [[эл]]ди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки [[мамлекет]]тин ортосундагы өз ара түзүлгөн [[келишим]]ди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү ([[хан]], [[бий]]) адамдардан же алардын балдарын [[кепилдик]]ке берүү (алуу). Мындай [[эреже]]-[[салт]] байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт [[«Манас» эпосу]]нда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында [[Тагай бий]]дин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) [[Казактар]]да  жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми [[түркмөндөр]]дө, ошондой эле каршилик көчмөн [[өзбектер]]де уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.
 
Ад.: Будагов Л. Сравнительный словарь турецко-татарских наречий. СПб., 1869. Т. 1; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).<br>
[[Категория:1-Том]]

03:35, 4 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

АК ҮЙЛҮҮ ‒ 1) байыркы жана орто кылымдарда көчмөн элдерде колдонулган эреже-салт. «Ак» (арабча «хак» – чыныгы, анык) «үйлүү» деген сөз менен «чыныгы бүлө» деген маани берет. Айрым сөздүктөрдө «аманат» деген сөз менен маанилеш каралган учурлар кездешет. Бирок булар эки башка түшүнүк. Тигил же бул уруу же элди баш ийдирип туруу максатында, же болбосо эки мамлекеттин ортосундагы өз ара түзүлгөн келишимди бузбоо үчүн бийлик башындагы тектүү (хан, бий) адамдардан же алардын балдарын кепилдикке берүү (алуу). Мындай эреже-салт байыркы кытай династияларына тиешелүү хроникаларда жана орто кылымдардагы араб-перс жазма эстеликтеринде кеңири кезигет. Көчмөн элдерде байыртадан туруктуу сакталып келе жаткан мындай салт «Манас» эпосунда да чагылдырылган. Кыргыз санжырасында Тагай бийдин Эреше хандын алдында «ак үйлүү» болуп жүргөнү айтылат; 2) Казактарда жер оодаруу, көчүрүү маанисинде, ал эми түркмөндөрдө, ошондой эле каршилик көчмөн өзбектерде уруунун ээлеген чегин кайтарган, үй-бүлө күтө элек боз уландардын тобу.

Ад.: Будагов Л. Сравнительный словарь турецко-татарских наречий. СПб., 1869. Т. 1; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-китеп. Бишкек, 1993; Бичурин (Ианкиф) Н. Я.  Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. М.-Л., 1950. Т. I; Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер Б; 1999; Толстов С. П. К истории древнетюркской социальной терминологии. //Вестник древней истории. М., 1938. № 1(2).