Талкуу:АЙТБАЕВ Таштемир: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Gulira
No edit summary
imported>Kadyrm
м (Kadyrm moved page АЙТБАЕВ Таштемир to Баарлашуу:АЙТБАЕВ Таштемир without leaving a redirect)
 
(Айырма жок)

09:04, 26 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АЙТБАЕВ Таштемир Сыдыгалиевич (27.11.1943‑жылы туулган, Нарын облусу , Ак‑Талаа району, Тоголок Молдо айылы) – генерал‑лейтенант (2000). Москвадагы Бауман атындагы техникалык жогорку окуу жайын (1967), Алматы Жогорку партиялык мектебин (1981) бүткөн. 1961–1962‑жылдарда Москва шаарындагы И. А. Лихачев атындагы заводдо слесарь‑ширетүүчү, 1967–1982‑жылдары Кыргыз ССР жергиликтүү өнөр жай министрли­гинин пластмасса буюмдар заводунда улук конструктор, башкы технолог, комсомол­дун Свердлов райкомунун экинчи, Биринчи май рай­комунун биринчи, Кыргызстан ЛКЖС Бишкек шааркомунун 2‑секретары, Кыргызстан ЛКЖС БКнын инструктору, үгүт‑насыят боюнча секретары, 1‑секретары,1982‑1986‑жылдарда СССР Мамлекеттик коопсуздук комитети­нин улук инспектору, Кыргыз ССР Мамлекеттик кооп­суздук комитетинин төрагасынын орун басары, 1‑орун басары, 1986‑1995‑жылдары Кыргызстан КП Ош обкомунун өнөр жай‑транспорт, социалдык‑экономика бөлүмдөрүнүн башчысы,

Файл:АЙТБАЕВ4.png

Ош облустук элдик кон­троль комитетинин төрагасынын милдетин аткаруу­чу, Кыргызстан КП Нарын обкомунун 1‑секретары, Кыргызстан КП БКнын секретары, «Кыргызавтосер­вис» мамлекеттик акционердик коомунун генералдык директорунун орун басары, вице‑президенти, 1995–1999‑жылдары КРдин Ички иштер министринин орун басары, 1999–2000‑жылдары КРдин Улуттук кооп­суздук министри, 2000–2002‑жылдары КРдин Ички иш­тер министри, 2002–2005‑жылдары КРдин Юстиция ми­нистринин орун басары, 2005–2006‑жылдары КРдин Улут­тук коопсуздук кызматынын төрагасы, 2006‑жылдан «Кыргызпромкурулушбанк» ачык акционердик коомдун төрагасы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 3 жолку депутаты (1975–1990). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.