АЖЫБЕК баатыр: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
imported>Kerimova-59
No edit summary
imported>Турганбаев Элебай
No edit summary

(5 intermediate revisions by 3 users not shown)
1 сап: 1 сап:
'''АЖЫБЕК''' Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1856, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑к‑дын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Атасы Ток­тобай белгилүү мүлүшкөр болгон. Анын уулда­рынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт каш­касы» аталган. А‑тин баатырдыгы элдик сан­жыра б‑ча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-­Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–18‑ж.). Бул жортуулдан 10–12 ж. өткөн соң гана 1831‑ж. Хаккула миңба­шы мындагы кыргыздарды жазалоо ж‑а Кокон­го каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑ж. Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин та­лаасында, 1832‑ж. Аксайдагы Чычаардын бели м‑н Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасын­да «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери м‑н кыргыздардын ортосунда сал­гылашуу болуп, А. баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Хаккула миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑ж. ''Кенесары'' Касым уулу баштаган казактардын кыргыздар­га жасаган чапкынында А. баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал ''Ормон хан'' м‑н үзөңгүлөш жүргөн адамдар­дан болгон. Кезинде Ормон хан А. м‑н куда болуп, уулу Чаргынды баатырдын жакын тууга­ны Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кул­жа, Турпан ж. б. шаарларга кыргыз айылда­рын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алар­дан акы алуу м‑н элин баккан. Кашкардан би­лимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. 2000‑ж. Ажыбек баатырдын 200 жыл­дыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотул­ган.

'''АЖЫБЕК''' Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, [[Ат‑Башы]] жергеси – 1855/56, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑кылымдын 1‑жарымында [[черик]] уруусун башкарган. Генеологиялык оозеки маалыматтарда Ажыбек баатырдын түпкү аталары Байчубак, андан Куттуккадам – Ашым – Боогачы – Карагул – Ногой. Ногойдон Токтобай болуп айтылат. Атасы Ток­тобай белгилүү [[мүнүшкөр]] болгон. Анын уулда­рынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт каш­касы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик сан­жыра боюнча [[Кокон хандыгы]]нын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, [[Арпа]] жайлоосу аркылуу Ат-­Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–1818‑жылдар). Бул жортуулдан 10–12 жыл  өткөн соң гана 1831‑жылы  Аккулу (Хаккулу)  [[миңба­шы]] мындагы [[кыргыздар]]ды жазалоо жана Кокон­го каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑1831-жылдары Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин та­лаасында, 1832‑жылы  Аксайдагы [[Чычаар]]дын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасын­да «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда сал­гылашуу болуп, Ажыбек  баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Аккулу миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички [[Теңир‑Тоо]]до Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑жылы [[Кенесары]] Касым уулу баштаган [[казактар]]дын кыргыздар­га жасаган чапкынында Ажыбек  баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал [[Ормон хан]] менен үзөңгүлөш жүргөн адамдар­дан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбай  менен куда болуп, уулу Чаргынды өзүнүн аталаш тууга­ны Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – [[Кашкар]], Кул­жа, Турпан жана  башка шаарларга кыргыз айылда­рын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алар­дан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан би­лимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. Ажыбек баатырдын күмбөзү Какшаалдын Кара-Булак деген жерине салынып, [[аш]]ы болжол менен 1856/57-жылдары жай айында Арпадагы Каз-Уясы деген жерде өткөнү айтылат. 2000‑жылы  Ажыбек баатырдын 200 жыл­дыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотул­ган.

''Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.''

''Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.''

[[Категория:1-Том]]

02:38, 25 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы

АЖЫБЕК Токтобай уулу, Ажыбек баатыр (1800, Ат‑Башы жергеси – 1855/56, Какшаалдын Кулаган деген жери) – манап, 19‑кылымдын 1‑жарымында черик уруусун башкарган. Генеологиялык оозеки маалыматтарда Ажыбек баатырдын түпкү аталары Байчубак, андан Куттуккадам – Ашым – Боогачы – Карагул – Ногой. Ногойдон Токтобай болуп айтылат. Атасы Ток­тобай белгилүү мүнүшкөр болгон. Анын уулда­рынын баары тың чыгып (Жабагы, Смайыл, Ажыбек, Эшимбек), «Токтобайдын төрт каш­касы» аталган. Ажыбектин баатырдыгы элдик сан­жыра боюнча Кокон хандыгынын аскерлери Көгарт ашуусун ашып, Арпа жайлоосу аркылуу Ат-­Башыга уюштурган жортуулу учурунда көрүнөт (болжолу 1817–1818‑жылдар). Бул жортуулдан 10–12 жыл өткөн соң гана 1831‑жылы Аккулу (Хаккулу) миңба­шы мындагы кыргыздарды жазалоо жана Кокон­го каратуу максатында жаңы чапкын жасаган. 1830‑1831-жылдары Ат‑Башы өрөөнүндөгү Чекендинин та­лаасында, 1832‑жылы Аксайдагы Чычаардын бели менен Эшикарттын ортосунда (ал жер эл арасын­да «Ажыбектин чаар муруну» деп аталат) кокон аскерлери менен кыргыздардын ортосунда сал­гылашуу болуп, Ажыбек баатыр душманга оор сокку урган. Мындай каршылыктарга карабастан, Аккулу миңбашынын жортуулунун натыйжасында, Ички Теңир‑Тоодо Кокон хандыгынын үстөмдүгү орногон. Бирок көз каранды эместик үчүн кыймыл токтогон эмес. 1847‑жылы Кенесары Касым уулу баштаган казактардын кыргыздар­га жасаган чапкынында Ажыбек баатырга кыргыз колунун туусун көтөрүү (алып жүрүү) милдети жүктөлүп, салгылашууда чоң эрдик көрсөткөн. Ал Ормон хан менен үзөңгүлөш жүргөн адамдар­дан болгон. Кезинде Ормон хан Ажыбай менен куда болуп, уулу Чаргынды өзүнүн аталаш тууга­ны Турдукенин кызына үйлөндүргөн. Анын ишмердигинин дагы бир багыты – Кашкар, Кул­жа, Турпан жана башка шаарларга кыргыз айылда­рын аралап өткөн кербен жолун көзөмөлдөп, кербендерди тонотпой Кытайга жеткирип, алар­дан акы алуу менен элин баккан. Кашкардан би­лимдүү кожо‑молдолорду чакыртып, эл ичинде сабаттуулардын санын арбытууга, усталарды алдырып, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүүгө кам көргөн. Ажыбек баатырдын күмбөзү Какшаалдын Кара-Булак деген жерине салынып, ашы болжол менен 1856/57-жылдары жай айында Арпадагы Каз-Уясы деген жерде өткөнү айтылат. 2000‑жылы Ажыбек баатырдын 200 жыл­дыгы белгиленип, Ат‑Башыда эстелиги орнотул­ган.

Т. Өмүрбеков, Ы. Кадыров.