ГААГА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАА́ГА ''' (Den Нааg) – Нидерланддагы шаар. | '''ГАА́ГА ''' (Den Нааg) – Нидерланддагы шаар. Түштүк Голландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 549 миӊ (2021). Түндүк деӊиздеги порт (Схевенингендин аванпорту). Чоӊдугу боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Электр-техника, радиоэлектроника, авиа куруу, тамак-аш, жеӊил өнөр жайы иштейт. Айнек жана жыгачтан көркөм буюмдар даярдалат.<br/> | ||
<br/> | |||
[[File:ГААГА1.png | thumb | Шаардын ишкер бөлүгүндөгү офистер.]] | [[File:ГААГА1.png | thumb | Шаардын ишкер бөлүгүндөгү офистер.]] | ||
Өкмөттүн | Өкмөттүн жана король сарайынын резиденциясы, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту жайгашкан. Консерватория (1908), музейлер бар. XI кылымдын аягынан эскерилет (XIX кылымдын башынан шаар). Бинненхоф архитектуралык ансамбли, готика стилинде курулган Синт-Якобскерк чиркөөсү (XIV кылым), эски ратуша (1564–1565), Маурицхёйс (1633–1635) ак сарайында королдордун сүрөт кабинетине таандык «алтын кылымдын» көркөм чыгармалар коллекциясы сакталган. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
05:50, 28 Август (Баш оона) 2025 -га соңку нускасы
ГАА́ГА (Den Нааg) – Нидерланддагы шаар. Түштүк Голландия провинциясынын административдик борбору. Калкы 549 миӊ (2021). Түндүк деӊиздеги порт (Схевенингендин аванпорту). Чоӊдугу боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Электр-техника, радиоэлектроника, авиа куруу, тамак-аш, жеӊил өнөр жайы иштейт. Айнек жана жыгачтан көркөм буюмдар даярдалат.

Өкмөттүн жана король сарайынын резиденциясы, Бириккен Улуттар Уюмунун эл аралык соту жайгашкан. Консерватория (1908), музейлер бар. XI кылымдын аягынан эскерилет (XIX кылымдын башынан шаар). Бинненхоф архитектуралык ансамбли, готика стилинде курулган Синт-Якобскерк чиркөөсү (XIV кылым), эски ратуша (1564–1565), Маурицхёйс (1633–1635) ак сарайында королдордун сүрөт кабинетине таандык «алтын кылымдын» көркөм чыгармалар коллекциясы сакталган.