АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |

| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ''' – Талас | '''АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ''' – [[Талас өрөөнү]]ндөгү [[Айыртам‑Ой]] деген жерден табылган байыркы [[түрк]] [[рун]] жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери менен илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, географ жана [[Сибирь]] тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑жылы «Чертеж всех сибирских градов и земель и чер­тёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында [[Кыргызстан]]дын [[Талас суусу]]нун баш жагына «Орхон таш, жай­ында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табылган. Аны жергиликтүү мугалим Гастевдин жардамы менен ошол кездеги Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус жана чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туудурган. 1898‑жылы В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор [[археология]]лык [[экспедиция]]сы байыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу жана которуу иштерине орус түркологдору В. В. [[Радлов]]'','' П. М. [[Мелиоранский]]'','' С. Е. [[Малов]]дун'','' түрк окумуштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. [[Батманов]]дун'','' россиялык С. Г. [[Кляшторный]]дын чоң салымдары бар. 1961‑1962‑жылдары П. Н. Кожемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. [[Асаналиев]]'','' К. [[Ашыралиев]], Ч. [[Жумагулов]] өңдүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан, ошондой эле 1977‑жылы ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.

[[File:АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ29.png | thumb|Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.]] | [[File:АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ29.png | thumb|Таластан табылган байыркы түрк рун жазмасы бар таш.]] | ||
1898‑жылы ачылып, жоголуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра табууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑жылы Жон‑Арык айылынан жаңы руникалык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эстеликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург | 1898‑жылы ачылып, жоголуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра табууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑жылы Жон‑Арык айылынан жаңы руникалык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эстеликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар [[Санкт‑Петербург шаары]]ндагы [[Эрмитаж]]да, [[Хельсинки шаары]]нда, [[Манастын күмбөзү]]нүн жанында, [[Бишкек шаары]]ндагы мамлекеттик тарых музейинде, КУУда сакталып турат. Айыртам‑Ой жана ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегилген 12 таш табылган.
Ад.: ''Жумагулов Ч.'' Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; ''Каллаур В. А.'' Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; ''Каллаур В. А.'' Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.
''Ш. Керимова.'' | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
09:38, 11 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АЙЫРТАМ-ОЙ ЖАЗУУЛАРЫ – Талас өрөөнүндөгү Айыртам‑Ой деген жерден табылган байыркы түрк рун жазуулары. Айыртам‑Ой өрөөнү орхон‑енисей тибиндеги жазуу эстеликтери менен илимде кеңири белгилүү. Орус картографы, географ жана Сибирь тарыхчысы С. У. Ремезов 1697‑жылы «Чертеж всех сибирских градов и земель и чертёж земли всей безводной и малопроходимой каменной степи» деген картасында Кыргызстандын Талас суусунун баш жагына «Орхон таш, жайында кар жатат» деген белги койгон экен. Ал кандай маалыматтарды пайдаланып, ушундай кабарды жазгандыгы көпкө белгисиз болгон. Бирок, ошол Ремезовдун койгон белгиси эки жүз жылдан кийин туура чыгып, Талас суусунун сол жээгинде жаткан Айыртам‑Ойдон 1 таш табылган. Аны жергиликтүү мугалим Гастевдин жардамы менен ошол кездеги Олуя-Ата уездинин начальниги В. А. Каллаур тапкан. Бул табылга орус жана чет элдик илимпоздордун чоң кызыгуусун туудурган. 1898‑жылы В. А. Каллаур аймактан дагы ушундай жазуусу бар 2 ташты тапкан. Ушул эле жылы финн‑угор археологиялык экспедициясы байыркы түрк жазуулары бар дагы 2 таш табат. Таластан табылган жазууларды окуу жана которуу иштерине орус түркологдору В. В. Радлов, П. М. Мелиоранский, С. Е. Маловдун, түрк окумуштуусу X. Н. Оркундун, кыргыз түркологу И. А. Батмановдун, россиялык С. Г. Кляшторныйдын чоң салымдары бар. 1961‑1962‑жылдары П. Н. Кожемяко, кийин Д. Ф. Винник, Ү. Асаналиев, К. Ашыралиев, Ч. Жумагулов өңдүү окумуштуулар жазуулары бар дагы 5 ташты табышкан, ошондой эле 1977‑жылы ошол Айыртам‑Ойдун (азыркы Кырк‑Казык айылы) талаасынан Ч. Жумагулов 11‑талас эстелигин табат.

1898‑жылы ачылып, жоголуп кеткен деп эсептелген 2 ташты кайра табууда жана изилдөөдө Ч. Жумагуловдун эмгеги чоң. 2002‑жылы Жон‑Арык айылынан жаңы руникалык жазуусу бар ташты А. Солтобаев тапкан. Айыртам‑Ой өрөөнүнөн табылган руникалык эстеликтер байыркы кыргыздардын тарыхын, түрк тилдеринин тарыхын изилдөөдө чоң мааниге ээ. Азыркы убакта ал табылгалар Санкт‑Петербург шаарындагы Эрмитажда, Хельсинки шаарында, Манастын күмбөзүнүн жанында, Бишкек шаарындагы мамлекеттик тарых музейинде, КУУда сакталып турат. Айыртам‑Ой жана ага чектеш жерлерден негизинен байыркы түрктөрдүн жазуусу чегилген 12 таш табылган.
Ад.: Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии, Ф.; Каллаур В. А. Камень с древнетюркской надписью из Аулиеатинского уезда // ПТКЛА. 1896; Каллаур В. А. Новая археологическая находка в аулиеатинском уезде. Туркестанские ведомости. 1898, № 48, 52.
Ш. Керимова.