АЗАМАТ АЛТАЙ: нускалардын айырмасы
imported>Gulira No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АЗАМАТ АЛТАЙ | '''АЗАМАТ АЛТАЙ''' [өз ысмы Кожомбердиев Кудайберген, 19. 09. 1920, [[РСФСР]], [[Жети-Суу]] (азыркы [[Ысык‑Көл]]) [[облусу]], [[Пржевальск]] уезди (акзыркы [[Тоң району]]), Корумду (азыркы [[Бөкөнбаев]]) айылы – 26. 05. 2006, [[Амерника Кошмо Штаты]], [[Нью‑Йорк шаары]]] – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. [[Түп району]]ндагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. [[Токмок]]тон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑жылы Советтик Армияга чакырылып, [[Литва]]нын Каунас шаарында аскердик курста болгон. [[Улуу Ата Мекендик согуш]] башталганда урушка кирип, Литва аймагында [[фашист]]тердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑жылы үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат. | ||
[[File:АЗАМАТ АЛТАЙ14.png | thumb|none]] | [[File:АЗАМАТ АЛТАЙ14.png | thumb|none]] | ||
Согуш аяктагандан кийин | Согуш аяктагандан кийин [[СССР]]де туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> таанышып, [[Орто Азия]]нын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑жылы [[Германия]]да «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑жылы журналдын ордуна [[«Азаттык»]] радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑жылы 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (1960‑жылы «Азамат Алтай» деген атты алган жана «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары эмгектенген) обого алып чыккан. 1950‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология <span cat='ж.кыск' oldv='ж‑а'>жана</span> кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу <span cat='ж.кыск' oldv='м‑н'>менен</span> кызматташып турган. 1970‑жылдын аягында Мюнхенге келип, 1984–1988‑жылдары «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑жылы 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑жылы Жалал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.<br> | ||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
08:00, 3 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АЗАМАТ АЛТАЙ [өз ысмы Кожомбердиев Кудайберген, 19. 09. 1920, РСФСР, Жети-Суу (азыркы Ысык‑Көл) облусу, Пржевальск уезди (акзыркы Тоң району), Корумду (азыркы Бөкөнбаев) айылы – 26. 05. 2006, Амерника Кошмо Штаты, Нью‑Йорк шаары] – журналист, публицист, коомдук ишмер, «Эркин Европа – Азаттык радиосунун» кыргыз уктуруу кызматынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Түп районундагы Ысык‑Көл зооветтехникумдан билим алган. Токмоктон комсомолдук курсту бүтүрүп келип, комсомолдун Тоң райкомунда бөлүм башчы болуп иштеген. 1940‑жылы Советтик Армияга чакырылып, Литванын Каунас шаарында аскердик курста болгон. Улуу Ата Мекендик согуш башталганда урушка кирип, Литва аймагында фашисттердин туткунуна түшкөн (1941). Туткундан эки жолу качып чыгууга аракет жасаган. 1945‑жылы үчүнчү жолу качып чыгып, француз партизандарына кошулат.

Согуш аяктагандан кийин СССРде туткундарга карата алынган катаал чечимдерге байланыштуу эл‑жерге кайтып келүү мүмкүн болбой, Францияда калып калган. Ал жерде чыгыш таануучу Александр Бенигсен менен таанышып, Орто Азиянын коомдук‑маданий турмушуна байланыштуу материалдарды топтоп, басма сөз маалыматтарын Батыштын илим чөйрөсүнө киргизүүгө чоң аракет жасаган. 1951‑жылы Германияда «Түрк эли» деген журнал уюшулуп, анын башкы редактору болуп шайланган. 1953‑жылы журналдын ордуна «Азаттык» радиостанциясы ачылып, анда кабарчы, диктор, директору болуп иштеген. 1975‑жылы 18‑мартта «Азаттыктын» кыргыз тилиндеги алгачкы берүүсүн (1960‑жылы «Азамат Алтай» деген атты алган жана «Эркин Европа – Азаттык» радиосунун кыргыз кызматы катары эмгектенген) обого алып чыккан. 1950‑жылдардын аяк ченинен Нью‑Йорктогу (АКШ) Колумбия университетинин илимий китепканасынын Чыгыш адабият бөлүмүн жетектеп, түркология жана кыргыз таануу боюнча он миңдеген нускадагы китеп фондун түзгөн. Ал АКШда жүргөндө да «Азаттык» радиосу менен кызматташып турган. 1970‑жылдын аягында Мюнхенге келип, 1984–1988‑жылдары «Азаттык» радиосунун директорунун кызматын аткарган. 1995‑жылы 24‑августтан 11‑сентябрга чейин «Манас» эпосунун миң жылдык мааракесине чакырылып, сый конок катары мекенине келип кеткен. 1950‑жылдан кыргыз тарыхы, маданияты, адабияты боюнча чогулткан бай архивинин бир бөлүгүн 1995‑жылы Жалал‑Абад мамлекеттик университетине тартуулаган.