АБДИРАИМШАМА, Абдираим Шаматов: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: clean up) |
мNo edit summary |
||
| (18 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
''' | '''АБДИРАИМ''' Шама (Шаматов) [1892-жыл, [[Россия империясы]], [[Түркстан генерал-губернаторлугу]], Фергана облусу, Кокон уезди, [[Лейлек]] болуштугу (азыркы [[Баткен облусу]], [[Лейлек району]], Кара-Дабан айылы, Шорек-Ата конушу) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жийдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Абдираим Шама алгачкы билимди Замборучтагы (азыркы Ак-Суу айылы) медреседен алгандан кийин Маргалан медресесинде окуган. Медресени аяктаган соң Кожентте (мурдакы Ленинабад шаары, Тажикстан) орус-тузем мектебин артыкчылык баракчасы менен аяктаган. 1904-1913-жылдарда ошол эле Кожентте мусулманча билимин дагы тереңдеткен. Совет бийлиги орногондо 1918-жылы туулган жери Лейлек районуна кайтып келип, ошол учурдагы коомдук саясий иштерге, жаштарга билим берүүгө активдүү катышкан жана басмачыларга каршы күрөшкөн. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын [[санат, терме, насыят]] жанрындагы ырлары эл арасына кеңири тараган. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери [[Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы|Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы]]нын кол жазмалар фондунда сакталып калган. 1920-жылы РКП(б) нын мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1924-1927-жылдарда Оштогу аймактык элге билим берүү бөлүмүндө,1927-жылы Сүлүктүдө райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп, 1928-жылдан ошол эле райондо жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. 1933-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, Мамлекеттик саясий башкармалык (ГПУ) тарабынан атууга өкүм чыккан. Бирок, орус, казак, өзбек, татар, тажик тилдерин мыкты билген билимдүү адам суракка алып тергеген орус тергөөчүлөргө котормочу катары абдан керек болгондуктан, абактын администрациясы аны атуудан алып калган. Өкүмү 12 жылдык сүргүн менен алмаштырылып, ал Казакстандын Карганды аймагына (КарЛаг) сүргүнгө айдалган. Ак жеринен абакка түшүп, туткун азабын тарткан акын: | ||
Б. | «Жаштыктан эл бийледим журт аралап, | ||
Туйлатып тулпар миндим жалын тарап, | |||
Кудайдын кудурети картайганда | |||
Жатамын караңгы тамда, күндү самап», – деп сүрөттөйт. Таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген акын: | |||
«Тоочак менен бууданга | |||
Толубайдай сынчы элем, | |||
Токтогулдай ырчы элем» – деп, ичке каткан арманын сыртка чыгарган. | |||
Сүргүндөн 1945-жылы бошонуп, эркиндикке чыккандан кийин да куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болгон. Оболу Кыргызстан, кийин Тажикстандын курамына кирген Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал ошол жерде каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы толук акталып, лейлектик педагог Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдираим Шаманын өмүрү жана чыгармачылыгы Лейлек районунун мектептеринин адабият боюнча окуу программасына киргизилип, окутула баштаган. Кийинчерээк Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынып, 2004-жылы акындын ысмы өзү туулуп өскөн Кара-Даван айылындагы орто мектепке берилген. Акын тууралуу «Азаттыктын» журналисттери өз алдынча изилдөө жүргүзүшкөн.Толук ырлар жыйнагы «Залкар акындар» сериясынын 9-томуна жарыяланган. (2016) | |||
Ад.: «Лейлек_Булбулу» Түз. С. Дуулатава. | |||
Б. Сурапбаева. | |||
[[Категория:1-Том]] | [[Категория:1-Том]] | ||
11:09, 18 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
АБДИРАИМ Шама (Шаматов) [1892-жыл, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Фергана облусу, Кокон уезди, Лейлек болуштугу (азыркы Баткен облусу, Лейлек району, Кара-Дабан айылы, Шорек-Ата конушу) – 1953-жыл, Тажик CСРи Ленинабад (азыркы Согду) облусу, Жийдели айылы] – жазгыч жана төкмө акын. Абдираим Шама алгачкы билимди Замборучтагы (азыркы Ак-Суу айылы) медреседен алгандан кийин Маргалан медресесинде окуган. Медресени аяктаган соң Кожентте (мурдакы Ленинабад шаары, Тажикстан) орус-тузем мектебин артыкчылык баракчасы менен аяктаган. 1904-1913-жылдарда ошол эле Кожентте мусулманча билимин дагы тереңдеткен. Совет бийлиги орногондо 1918-жылы туулган жери Лейлек районуна кайтып келип, ошол учурдагы коомдук саясий иштерге, жаштарга билим берүүгө активдүү катышкан жана басмачыларга каршы күрөшкөн. Өз заманынын сабаттуу, билимдүү адамы болгон, беш- алты тилде сүйлөгөн жана жазган жаңы коомду курууда, колхоздоштурууну түптөөдө зор салым кошкон. Жаңы заман орногон алгачкы жылдарда жергиликтүү аймактагы агартуу кызматтарында жүргөндүгүнө байланыштуу ырлары окуу, тарбия иштерине арналган. Акындын санат, терме, насыят жанрындагы ырлары эл арасына кеңири тараган. Кыз-келиндерди окууга үндөп, теңдик заманды көп даңазалаган жана патриоттук мүнөздөгү ырларды жараткан. Ырларында турмуш, өмүр, аялдар эркиндигине көп кайрылган жана эски салттарды сындоо менен курч, ишенимдүү жогорку көркөмдүктө жазган. Бир топ ырлары араб тамгасында жазылган. Анын 1916–1929-жылдары жазган араб арибиндеги ыр дептери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фондунда сакталып калган. 1920-жылы РКП(б) нын мүчөлүгүнө кабыл алынып, 1924-1927-жылдарда Оштогу аймактык элге билим берүү бөлүмүндө,1927-жылы Сүлүктүдө райондук аткаруу комитетинин жооптуу катчысы болуп иштеп, 1928-жылдан ошол эле райондо жер бөлүмүнүн башчылыгына дайындалат. 1933-жылы «эл душманы» деген жалган жалаа менен камакка алынып, Мамлекеттик саясий башкармалык (ГПУ) тарабынан атууга өкүм чыккан. Бирок, орус, казак, өзбек, татар, тажик тилдерин мыкты билген билимдүү адам суракка алып тергеген орус тергөөчүлөргө котормочу катары абдан керек болгондуктан, абактын администрациясы аны атуудан алып калган. Өкүмү 12 жылдык сүргүн менен алмаштырылып, ал Казакстандын Карганды аймагына (КарЛаг) сүргүнгө айдалган. Ак жеринен абакка түшүп, туткун азабын тарткан акын:
«Жаштыктан эл бийледим журт аралап,
Туйлатып тулпар миндим жалын тарап,
Кудайдын кудурети картайганда
Жатамын караңгы тамда, күндү самап», – деп сүрөттөйт. Таланты толугу менен ачылып, чыгармачылыгы баралына келаткан чакта бийликтин кандуу жазалоосуна туш келген акын:
«Тоочак менен бууданга
Толубайдай сынчы элем,
Токтогулдай ырчы элем» – деп, ичке каткан арманын сыртка чыгарган.
Сүргүндөн 1945-жылы бошонуп, эркиндикке чыккандан кийин да куугунтук токтобой, акыры ал жер которууга мажбур болгон. Оболу Кыргызстан, кийин Тажикстандын курамына кирген Жийдели (Жигдели) айылына көчкөн. 1953-жылы ал ошол жерде каза болуп, сөөгү ушул кыштакта жерге берилген. Каза болгондон бир топ убакыт өткөндөн кийин 1992-жылы толук акталып, лейлектик педагог Гапыр Мадаминовдун демилгеси менен Абдираим Шаманын өмүрү жана чыгармачылыгы Лейлек районунун мектептеринин адабият боюнча окуу программасына киргизилип, окутула баштаган. Кийинчерээк Абдирайим Шама атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу маселеси колго алынып, 2004-жылы акындын ысмы өзү туулуп өскөн Кара-Даван айылындагы орто мектепке берилген. Акын тууралуу «Азаттыктын» журналисттери өз алдынча изилдөө жүргүзүшкөн.Толук ырлар жыйнагы «Залкар акындар» сериясынын 9-томуна жарыяланган. (2016)
Ад.: «Лейлек_Булбулу» Түз. С. Дуулатава.
Б. Сурапбаева.