КОҢГУРОО ГҮЛ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОҢГУРОО ГҮЛ</b> (Campanula) – өсүмдүктөрдүн коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки ж-а көп жылдык чөп же чала бадал. Гүлү коңгуроо сымал, түсү көк, кызгылт көк, ак ж. б. | <b type='title'>КОҢГУРОО ГҮЛ</b> (Campanula) – өсүмдүктөрдүн коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки ж-а көп жылдык чөп же чала бадал. Гүлү коңгуроо сымал, түсү көк, кызгылт көк, ак ж. б. | ||
[[File:КОҢГУРОО ГҮЛ24.png | thumb | | [[File:КОҢГУРОО ГҮЛ24.png | thumb | | ||
09:57, 25 Май (Бугу) 2026 -га соңку нускасы
КОҢГУРОО ГҮЛ (Campanula) – өсүмдүктөрдүн коңгуроо гүлдүүлөр тукумундагы уруусу. Бир, эки ж-а көп жылдык чөп же чала бадал. Гүлү коңгуроо сымал, түсү көк, кызгылт көк, ак ж. б.

300гө жакын түрү белгилүү, Кыргызстанда 7 түрү кездешет. Бөксө, бийик тоолордо, боздоңдо, шалбаада, тескей беттердин таш арасында өсөт. Уругу, тамыры аркылуу көбөйөт. Кыргызстанда коңгуроо гүлдүн жазында гүлдөөчү бир ж-а эки жылдыгы, жайында гүлдөөчү көп жылдык түрү гүлзарда кооздук үчүн өстүрүлөт.