КУДАЯРОВ Дүйшө: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Dilde moved page КУДАЯРОВ to КУДАЯРОВ Дүйшө) |
(Айырма жок)
| |
10:45, 6 Февраль (Бирдин айы) 2026 -га соңку нускасы
КУДАЯРОВ Дүйшө (26. 4. 1939-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу району) – медицина илимдеринин доктору(1981), профессор (1984). КР УИАнын академиги (2000). КР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1992). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери

(1995). КММИни бүтүргөн (1962). Кыргыз акушердик жана педиатрия ИИИде улук илимий кызматкер, бөлүм башчы, директордун орун басары жана 1992–2004-ж. директору , 1988-жылдан КММИде кафедра башчысы болуп иштеген. 2007-жылдан КР УИАнын вице-президенти. Педиатрия боюнча адис. Көптөгөн эл аралык педиатрлар коомунун жана ассоциацияларынын мүчөсү. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн педиатрлар ассоциациясынын 1-президенти (Түркияда шайланган). 220дан ашык илимий эмгеги, анын ичинде, 13 монографиясы, 36 окуу куралы жана методикалык колдонмо, 5 ойлоп табуусу бар. III даражадагы «Манас», Элдердин достугу ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Эмг.: Физиологические особенности крови новорожденных детей. Ф., 1983; Принципы индивидуализации кортикостероидной терапии у детей. Ф., 1986; Гематологическая оценка адаптационных возможностей организма человека. Б., 1993; Внутритробные инфекции у новорожденных детей (окуу курал). Б., 1995.